Версия для печати
Среда, 02 Май 2018 12:25

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чара Коомдук телерадио корпорациясы менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө телефестивалдын улуу тарыхы бар, ордолуу Ош шаарында өтүп жаткандыгы өзүнчө бир чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында, элдик таланттардын өнөрлөрүн коомчулукка жайылтып, Ош шаарынын маданий мурастарын даңазалоого салым кошуп, Кыргызтелевидениясынын 60 жылдыгына арналган телефестивалдын  уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.  

Салтанаттын жүрүшүндө  аялдардан түзүлгөн 28 чыгармачыл топго жана Коомдук телерадио корпорациясынын уюштуруучуларына шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев тарабынан Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыктары тапшырылды

Ошондой эле, Коомдук телерадио корпорациясы  тарабынан 14 чыгармачыл  топ диплом менен сыйланып, 9 топ “Шайыр апалар” телефестивалынын лауреаты болду. Мындан тышкары 1, 2, 3 орунду камсыздаган коллективдер диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Сыйлоо аземинин алкагында 6 катышуучуга Кыргыз Республикасынын «Маданияттын отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ыссык-Көл обусунун “Ыссык-Көл ажары” чыгармачыл тобу телефестивалда жеңүүчү аталып (Гран-При), 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Айта кетсек, “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында уюштурулган телефестивалга Кыргызстандын баардык район шаарларынан 500гө жакын чыгармачыл аялдар келип катышты.

Окулду 10305 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо