Версия для печати
Среда, 02 Май 2018 03:50

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала концерти менен жыйынтыкталды. Ага  жалпысынан Кыргызстандын жети облусунан келген 43 чыгармачыл топ катышып,  элдик ырларды жалпы келген көрүүчүлөргө таттуулашты.

Белгилей кетсек,  бул иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алагында Кырыгыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып  Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Телефестивалдын Гран-Приси  Ыссык-Көл облусунан келген “Ыссык-Көл ажары” чыгармачыл тобуна тапшырылды.

Окулду 9110 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо