Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 12 Январь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 12 Январь 2022

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 2022-жылдын бюджетин бекитүүгө чейин ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарга барып, жашоочулардын үнүн угуп чыгат. Алгачкы жолугушуу бүгүн, 12-январда Курманжан-Датка аймактык башкармалыгында өтүп, ага тийиштүү жетекчилер, 200гө жакын тургундар катышты.

Алгач 2021-жылда аталган башкармалыкта аткарылган жумуштар боюнча отчет берилди. Шаар башчы жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн угуп, жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылды.
Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында ички жолдордун абалы начар экени, көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдордун сапаты, балдар аянтчаларынын жетишсиздиги, тротуарлардын жоктугу, мектептердеги спорт зал, жылуулук, тазалык, канализация маселелери айтылды.
Алмаз Мамбетов бул жылы тротуарларды курууга өзгөчө басым жасала турганын билдирди. Алдыда мында айтылган айрым проблемаларды шаар казынасынын абалына жараша чечүү аракети көрүлөт. Ал эми кээ бир көйгөйлөрдү мэрия менен жашоочулар биргеликте жөнгө салуу демилгеси да көтөрүлүүдө.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 12-январда Ош шаарынын мэриясында укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өттү. Анда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, жарандардын күнүмдүк турмуштагы маселерин чечүү көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Жыйында шаардын калкына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жашоочулардын суроо-талаптарына жеткиликтүү көңүл бурууга басым жасалды. Азык-түлүккө болгон базар бааларын көзөмөлдөө, соода жайларында, базарларда салык мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо жагы да айтылды. Жыйындын катышуучулары Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалына байланыштуу пикир алмашты. Соңунда шаар башчы бул маселелер боюнча биргеликте аракеттенүүнү күчөтүү, мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгын белгиледи.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 12-январда Ош шаарында белгилүү акын жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чаралары өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, Ош облустук филармониясынын жамааты, журналисттер, окуу жайлардын өкүлдөрү жана жарандар катышты. Иш-чаранын алкагында Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын жанындагы эстеликтин алдында митинг-реквием өтүп, гүл коюлду.

Мында чогулгандар Рыспай Абдыкадыровдун улуттук маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгилешти. Мындан сырткары филармониянын өнөр адамдары маркумдун ырларын аткарышты.
Эске сала кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Маркум Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 200дөн ашык ырдын автору.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });