Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 03 Февраль 2023
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 03 Февраль 2023

Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундарга 2022-жыл ичинде ар кайсы тармактарда аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Андан соң жарандардан суроолор жана кайрылуулар кабыл алынып, орун алган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн суроо-талаптары айтылды.

Алсак, бир катар алыскы кичи райондордо инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде эски электр мамыларын алмаштыруу, жолдорду оңдоо жана асфальттоо, таза суу менен камсыздоо, бала бакча куруу, мектептердин жанына жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү орнотуу, жеке мончолордун газ түтүктөрүнө фильтрлерди орнотуу, балдар аянтчаларын жана “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча имарат куруу маселелерин мэрге айтышты.
Ошондой эле, Озгур айылына каттаган №107 жана 109-маршруттук кичи автобустардын кыймылын жөнгө салуу, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жылытуу жана оңдоо иштери тургундарды кызыктырды. Жарандардын кайрылууларын аткаруу боюнча жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын быйылкы жылдагы бюджетинин долбооруна бир катар маселелер киргизилет.
Мындан сырткары, шаардагы бардык кичи райондорго быйылкы жылы жаңы электр мамычалары орнотулуп, “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча имарат куруу да пландалып жатканын калаа башчы белгиледи.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов эл аралык уюмдардын жана фонддордун, каржы институттарынын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери, өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйындын алкагында Ош шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасынын долбоорунун презентациясы болуп, аны ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.
Эл аралык уюмдардын жана фонддордун, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери келечектүү багыттардагы иштери, анын ичинде консультациялык жана гранттык жардам көрсөтүү, билим берүү, экология, туризм, айыл чарба, калкты иш менен камсыз кылуу, тарыхый, маданий жана эс алуу объектилеринин инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорлору, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн гранттар жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, электр энергияны үнөмдөөчү долбоорлор жана жашыл технологияларды өнүктүрүү, жаштардын бизнес-идеяларын колдоо жаатындагы иш-чаралар тууралуу айтып беришти.
Жыйындын катышуучулары шаарда индустриалдык парк (эркин өнөр жай аймагы) түзүү сунушун киргизип, Бакытбек Жетигенов тарабынан колдоого алынды.
“Ош шаарынын мэриясы калктын кызыкчылыгы үчүн тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр. Сиздер тараптан айтылган сунуштарга жана демилгелерге биздин эшигибиз ар дайым ачык. Сүйүктүү Ош шаарыбызды чогуу өнүктүрөлү”, - деди мэр.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Кароо-сынактын шарттары:
- кароо-сынак эки багытта өтөт, ыр жана эссе жазуу аркылуу;
- кароо-сынактын катышуучуларынын жаш курагы чектелбейт;
- жөнөтүлгөн ыр же эссе мамлекеттик тилде болууга тийиш;
- ырды кабыл алуу 17-февралдан токтойт, ал эми жыйынтыгы 21-февралда чыгат;
- жөнөтүлгөн ырлар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт;
- эссе жазуу 17-февраль, саат 16:00дө Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында болот;
- жөнөтүлгөн ырлар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт;
Жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Эң мыкты жазылган эссе “Ош шамы” гезитине жарыяланат. Ал эми жазылган ырлар жылдын аягында атайын жыйнак болуп Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан чыгарылат. Андан сырткары Ош шаарынын мэриясынын расмий баракчасына жарыяланат.
Ош шаарынын мэриясынын атынан жооптуулар:
- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы;
Кароо-сынак боюнча суроолор болсо, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын катчысы, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Ч. Зулпукар уулуна (0556222335) байланыш номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Жазылган ыр төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });