1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Бүгүн, 2-март күнү Ош шаарынын мэриясында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча атайын жыйын өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары, жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү, мектеп директорлары жана башкалар катышты. Жыйында жарыяланган 3 айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду.

“Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланып келет. Анын биринчи этабы бак-дарактарды, көчөттөрдү отургузуу, аркытарды, көчөлөрдү, короолорду санитардык тазалоо болуп саналат. Экинчи этап үйлөрдүн, коммерциялык имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, актап сырдоо иштери жүрөт. Шаардын көркү үчүн ар бир тургуну, убактылуу жашап жаткан коноктор активдүү катышып, таза шаарга кайдыгерлик көрсөтпөйлү” – деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы менен активдүү катышкан мекеме-ишканалар, жеке ишканалар, көп кабаттуу үйлөр баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. 

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир катар жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип, жеринде көрүп кайтты.

Алгач «Амир-Тимур» аймагындагы 100 орундуу балдар бакчасынын курулушуна барды. Куруучуларга шаар башчысы курулуштун эң негизги багыты сапатында жана балдарга болгон ыңгайлуулугунда экендигин баса белгилеп, ар бир жасалып жаткан иш кылдаттык менен аткарылышы керектигин билдириди.

“Учурда Ош шаарында 3 балдар бакчасынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Амир-Тимур и Юго-Восток кичи райондордо жайгашкан балдар бакчасын март айынын аягына чейин шаардыктарга колдонууга беребиз. Эң негизгиси сапат, силерден суранарым ар бир куруучу аткарып жаткан ишин өз үйүнө кылган эмгек деп билиши шарт. Замандын талабына ылайыкташкан, баардык шарты менен балдардын уктоосуна, эс алуусуна, ойноп, достошуусуна шарт түзүп, алардын келечеги үчүн куралы», - деди мэр.

«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында курулуп жаткан балдар бакчасында негизги жумуш аяктап, учурда курулуштун сыртын актап, боек берүү менен жашылдандыруу иштери калган.

Ошондой эле, шаар башчысы Юго-Восток кичи районундагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушун да текшерип, бир катар тапшырмаларды берип кайтты. 

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Чехия Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев менен жолукту.

Жолугушууга “ i-LED.cz” компаниясынын башкы директору Ярослав Вебр жана аталган жайдын өкүлү Йозеф Шебен, “Nur Son Energy” компаниясынын башкы жетекчиси Айдар Байдалетов жана Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун алкагында шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Чехия Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев менен шаардын көчөлөрүн, эс алуучу жайларын жарыктандыруу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп, инвестиция тартуу багытында эки тараптуу кызматашууну талкуулашты.

Ага улай Чехия жана Словакияда гана эмес башка чет мамлекеттерге таанымал болгон “ i-LED.cz” компаниясынын ишмердүүлүгү жана алардын көрсөткөн кызматтары туурасында презентация болду. 

Бүгүн, 25-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу иштери жана шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы штабдын отуруму өттү. Түзүлгөн штабдын отурумуна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, штабдын мүчөлөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаар мэринин буйругу чыгып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Калаа башчысы 76 шайлоо участкасында шайлоочуларга толук шарт түзүлүшү керектигин, электр энергиясы, тийиштүү кызматтар менен толук камсыздалышы көзөмөлдө болоорун билдирди.
“Шайлоочулардын шайлоого катышуусуна толук шарт түзүлүшү керек. Бардык партияларга бирдей мамиле жасалышы шарт. Шайлоо ачык жана таза өтүшү керек. Биздин милдет шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. Ар бир шайлоо участкаларында түзүлгөн шарттар менен таанышабыз. Даярдыктык иштерине кайдыгер карабаңыздар”,-деди мэр Т. Сарыбашов.
Ош шаардык милициясына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти сактоо, шайлоо участкаларын кайтаруу, материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
 
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баскетбол боюнча шаардын «Номад Ош» курама командасын кабыл алды. Мэр Кыргызстандын чемпиондугу үчүн мелдештерге жөнөп жаткан командага 60 миң сом тапшырды.

“Спортко өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Шаардык мэриянын астында футбол жана волейбол боюнча клуб бар. Биз кийинки жылдан тарта баскетбол боюнча да клуб түзүп, каржылашыбыз керек. Алдыдагы чемпионатта да ийгиликтерди жаратасыңар деп ишенем. Биз билимдүү, спортту сүйгөн, патриот жаштар менен өзгөртүүлөрдү жасай алабыз”, - деди мэр.
 
Өткөн 2019-жылы Кыргызстандын баскетбол боюнча Биринчи лигасынын чемпионатында “Номад Ош” курама командасы өлкөнүн чемпиону болгон.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошев жана Жапар Хакимовдун үйлөрүнө барып кабар алды. Ардагерлерден кабар алган шаар башчысы ар бир ардагерге акчалай жардам жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык белектерин тапшырды.

Касымбай Жолдошев аксакал 95, Жапар Хакимов 97 жашта. Ошондой эле кала башчысы Ош шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, согуштун ардагерлерине жана ооруктун каармандарына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Мындан сырткары, шаардын вице-мэрлери, муниципалдык мекемелердин жетекчилери да согуштун ардагерлерин жана ооруктун каармандары куттуктап, жардам көрсөтүштү.

Айта кетсек, учурда Ош шаарында жалпысынан 6 согуштун ардагери, 16 ооруктун каарманы жашайт. 

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Сиздердин коомдук талкуунузга Ош шаарынын  борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорунун (ПДП) экинчи этабы толугу менен аяктагандыгына байланыштуу көнүлүңүздөрдү бурабыз.
Ош шаарынын борбордук Деталдык пландоо долбоорун (ПДП) аягына чыгарууга Ош шаарынын мэриясынын 02.04.2019 ж. №104-б сандуу буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын эмгеги чоң деп эсептейбиз. 
Жумушчу комиссияга Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, КР Союз архитектура мүчөлөрүнүн жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринен түзүлгөн.   
Буюртмачы: Ош шаарынын мэриясы. 
Буюрмачынын расмий өкүлү; Ош шаарынын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы.
Аткаруучу: КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик долбоорлоо институту
Негиз; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы “2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө”  №160 токтому

Сиздерде бул тууралуу ой пикирлериңиздер болсо жазуу түрүндө Ош шаарынын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын атайын электрондук дарегине  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  жазуу түрүндө (Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү  №224 “А” жана сурап билүү үчүн (03222) 4-85-34) кайрылсаңыздар болот.

Карталар: фукциональное зонирование боюнча, красная линия и транспортное облсуживание

https://drive.google.com/open?id=1NtmKBCp4YGRaCcaqm669XBgTj5PuPRU_ 

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарындагы “Рамазан” спорт клубунда аялдар арасында волейбол боюнча «Өмүр үчүн күрөш!» деген аталышта кайрымдуулук чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин расмий ачылышына ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, КРнын волейбол боюнча федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, «Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү жана ар тармакта эмгектенген айымдар катышты. 

Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан 30га жакын команда катышууда.

Иш чаранынын максаты айымдар арасындагы ынтымакты бекемдеп, бири-бирине болгон колдоону арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу менен биргеликте, рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.

Айжамал апасы менен баш сөөгүн алмаштыруу үчүн, Индия мамлекетинин Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен.

Алгач Бишкек шаарында "Өмүр үчүн ойнойбуз" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түзгөн.

Бүгүн, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 31 жылдыгына арналган аза күтүү болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди үнчыкпай эскеришти.

“Бүгүнкү күндө Ооган согушунан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө, катышуучуларына мамлекет, мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет, бирок булардын кайгысын, муңун эч нерсе менен алмаштыргыс, ошондой болсо да бул-үй бүлөлөр өздөрүнүн кайтпай калган эр азаматтары менен сыймык менен жашап келет, анткени алар кан майданда Ата Мекендин буйругун аткарып жатып, баатырларча курман болушту”,-деди Н.Кадыров.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 31 жылдыгынын урматына бир нече интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Афганистан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары ыйгарылды.

Ошондой эле, жаш жоокерлер Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанатту марш менен өтүштү. Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.

Бүгүн, 10-февраль күнү Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу 2019-жылы футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында II-орунду алгандыгы учун Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарабынан сыйланды.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев, мэриянын кызматкерлери жана “Алай” футбол командасынын жалпы футболчулары катышты.

Жыйындын алкагында футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев “Алай” футбол клубу Кыргызстандагы алдыңкы клубдардын катарында экендигин баса белгилеп, жаратуучу ийгиликтер дагы алдыда деп кошумчалады.

Ошондой эле, футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында 2-орунду ээлегендиги үчүн “Алай” клубуна диплом жана футболчуларга медал тапшырды.

Мындан тышкары, “Алай” футбол командасына 2020-жылга даярдык көрүү үчүн Ош шаардык кеңешинин атынан Туркиянын Анталия шаарына жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Ташкентке машыгууга атайын сертификаттар берилди. 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26