Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 12:58

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу жайынын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин айтымында азыркы тапта аталган эс алуу багында төрт долбоор бирдейинен ишке ашып жатат.

“Жергиликтүү бюджеттен быйыл 20 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Учурда эс алуу жайга кире бериштеги түркүктүн курулушу, иригация, түнкү жарык  жана канализация сыяктуу төрт долбоор ишке ашып жатат. Бул системаларды оңдоп-түзөө иштери кийинки жылдын биринчи кварталында бүтөт. Андан соң, түрк адистери менен биргеликте иштелип чыккан долбоорду ишке ашырып, эс алуу жайдын 100 жылдыгына арнап капиталдык иштери  2018-жылдын төртүнчү кварталында аяктайт”,-деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын түнкү жарык системасы 90%га бүтүп, калган долбоорлордун да үстүнөн кызуу иш жүрүп жатат. Т.Сатылганов атындагы парк 9 аянттан туруп,  карылар, балдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап түрдө бүткөрүлөт.

Эске салсак, үч жарым жыл аралыгында Ош шаарында  “Космонавттар”, “Жеңиш”,”Ата-Түрк”, “Балдар сквери”, “Шаардык сквер”, “Семетей” жана “И.Раззаков” эс алуу жайлары толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп, шаардыктарга пайдаланууга берилген. Башкача айтканда, шаардагы эс алуу бактарынын 98% капиталдык ремонттон өткөн.

Окулду 12290 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо