Версия для печати
Пятница, 16 Март 2018 04:06

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө.

Анын алкагында төмөндөгү иш-чалар уюштурулат:

20-март күнү борбордук аянттын жанында жайгашкан “Сүйүү” эс алуу жайында сүмөлөк кайнатылып, “Кадыр түн” каадасы өткөрүлөт. Аны Ош технологилык университети уюштурат.

21-март күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүлөт.

Майрамдык салтанат, 21-март күнү шаардын борбордук аянтында саат 10:00до “Нооруз-2018”  театралдык оюн зоок, концерттик чоң программа менен башталат.

Саат 11:30да Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырып, “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп, жеңүүчүлөр сыйланат.

12:00до С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда  “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү өткөрүлөт.

12:30 С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда  “Жүрөгүмдө Кыргызстан” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.

13:00до Сай-Бою көчөсүнө “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

14:00до “Нооруз-2018” элдик майрамын утурлай улуттук ырлар, Манас айтуу, улуттук бий, улуттук кийим кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланып, чоң программадагы концерт менен коштолот.

Окулду 10827 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо