Версия для печати
Пятница, 01 Июнь 2018 14:21

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу Футбол фестивалы болуп өттү. Ага 150 футболчу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аярлуу топтун өспүрүмдөрү катышты. Балдарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо куттуктап, белектерин беришти.

-“Фестиваль аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомдук турмушка аралаштырып, бардык балдар тең укуктуу экенин дагы бир жолу белгилегибиз келди. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да коомдук турмушка активдүү катышып, футбол жана спорттун башка түрлөрү менен машыга алышат. Биз ар бир баланын ден соолугун чыңдоого, аларга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө милдеттүүбүз.

Балалык - бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар.  Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын. Өнүп-өсүп, эрезеге жетип, терең билим, татыктуу таалим-тарбия алгыла. Улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, ар кыл кыйынчылыктарга тике караган, Кыргызстандын татыктуу улан-кыздарынан болушуңарга чын жүрөктөн тилектешмин”,-деди шаар мэри А.Кадырбаев.

Ош шаарында ушундай чоң, бардык шарттары менен заманбап Футбол Академиясы бар экени баарыбызды кубандырып олтурат. Мен ачыгын айтайын бүгүнкүдөй уникалдуу иш-чара Кыргызстандын башка жеринде жок, балдарга, спортчуларга мындай шарттарды түзүп берген шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаевге ыраазычылык айтып кетели. Мыкты футболчуларга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды аралаштырып, аларга сонун маанай тартууланып жатат. Мындай мыкты долбоорду көрүп мен аябай толкунданып турам. Футбол- бул миллиондогон адамдар сүйгөн оюн. Андыктан, футбол мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талантын, жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, алардын коомго аралашуусунда маанилүү ролду ойнойт”,-деди Т.Исакунова.

Футбол фестивалы Ош шаарынын мэриясы, А.Момунов атындагы Футбол Академиясы жана  ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулду. Анын негизинде, Академиянын машыктыруучулары, оюнчулары балдар менен баарлашып,  алар үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү, мастер-класстарды көрсөтүштү.

Окулду 9587 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо