Версия для печати
Пятница, 05 Октябрь 2018 10:13

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу»  симпозиумдун катышуучулары менен жолукту. Жолугушууга мэриянын өкүлдөрү, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Н.Кадыров келген конокторго ыраазычылык билдирип,  маданият тармагында кызматташуу, тажырыйба алмашуу, ар улуттун тарых, каада-салттары тууралуу  баарлашты.

Симпозиумдун катышуучулары өз кезегинде шаардыктарды Ош шаарынын 3018 жылдыгы менен куттуктап, КРнын Президентине, Өкмөт башчысына жана шаар мэрине Ыраазычылык баракчасын ыйгар

Ошондой эле, вице-мэр симпозиумдун катышуучуларына Ош шаары жөнүндө атайын китептерди жана белектерди тапшырды.

Эске салсак, кечээ  4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” аттуу эл аралык симпозиум болуп өткөн.

Ага Ош, Беларусия , Болгария, Россия, Таджикстан, Өзбекстан, Сербия мамлекеттеринен келген окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана Кыргызстандын башка шаарларынан келген коноктор ошондой эле, студенттер катышкан. 

Окулду 7443 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо