Версия для печати
Пятница, 22 Март 2019 13:19

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга жооп бербегендери жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов АЗСтерди текшерүү учурунда билдирди.

Мындан тышкары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарылат.
Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, нормага туура келбеген АЗСтерге мыйзам боюнча чара колдонулушу керектигин айтты.

“Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир АЗСтин мыйзамдуулугун текшергиле. Май куюучу бекеттер шаардын сыртында деле жетиштүү. Талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз, кооптуу АЗСтердин иши токтотулат. Мындан кийин шаар ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгарылат”,-деди мэр.

Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай бар. Анын алтоосу иштебей турат.

20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркаган.

Окулду 587 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо