Версия для печати
Среда, 03 Апрель 2019 15:29

Мэр Оштогу алгачкы IT-мектеп менен таанышты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн IT-мектеп менен таанышты. Мэр технология, илим өнүккөн заманда IT-мектеп Ош шаарына керек экенин айтып, колдоого алганын билдирди.

Мэрия шаардагы алгачкы IT-мектептин имаратын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүп берген. Демилгени эл аралык уюмдар да колдоого алып, техника жактан жардам көрсөтмөкчү.

IT-мектепте Java, JavaScript, PHP, HTML/CSS, C#, C++ сыяктуу программалоо боюнча курстар болуп, тажрыйбалуу программистер окутат.

Мектеп жакынкы күндөрү ишин толук баштайт.

 

Окулду 586 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо