Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караган Арек айылындагы Жусубалиев көчөсүнүн экинчи бөлүгү толугу менен асфальтталып бүткөн.
Пайдаланууга берилген жолдун абалы менен вице-мэр Жасур Азимов баштаган тиешелүү жетекчилер таанышып чыгышты. Асфальтталган жолдун узундугу 700 метрден ашык болуп, туурасы 6 метр. Жолдун четине ирригациялык лотоктор орнотулган.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери менен таанышып, шаардагы ички жолдорго көңүл бурула турганын айткан.
Мындан тышкары Жапалактын К. Жоробеков көчөсүн асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө. Жоробеков көчөсүнүн узундугу 1,2 км, туурасы 7 метрди түзөт.