Версия для печати
Пятница, 21 Июнь 2019 08:58

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду аткарууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо тууралуу ЖАРЫЯ

  1. Тандоо тууралуу жарыянын күнү: 2019-жыл 21 - июнь
  2. Мамлекеттик заказчынын аталышы: Ош шаарынын мэриясы
  3. Гранттык комиссиянын курамына талапкерлерге карата талаптар:
  • Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлер 25 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп эсептелбеген, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн бир же бир нече чөйрөдө иштөө тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары боло алат.
  1.  Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер:

1)      гранттык комиссиянын курамына талапкерди сунуштоо жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун каты;

2)      тандоого катышууга талапкердин арызы;

3)      автобиографиялык маалыматтарды (резюме) жана байланыш маалыматтарды (телефон номери, электрондук почта дареги, почта дареги) көрсөтүү менен талапкердин билими, иш тажрыйбасы, кесиптик билимдери жана коомдук ишмердиги жөнүндө маалыматтар.

  1. Гранттык комиссиянын курамына талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүү тартиби:

1)      Жарыянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик заказчынын жеке өзүнө, почта боюнча же электрондук почта аркылуу берилиши керек.

2)      Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сунушталат.

3)      Бир коммерциялык эмес уюмдан бир талапкер сунушталышы мүмкүн.

  1. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлер боюнча сунуштарды берүү мөөнөтү: 2019-жылдын «4» июлга чейин. Сунуштар тандоо жөнүндө жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
  2. Маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктуу адамынын байланыш маалыматтары:
    - Фамилиясы жана аты – Орозалиев Максатбек Насирдинович
    - Телефон номери – 0555 177815
    - Электрондук почта дареги – oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. же Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  3. Гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо өтчү учур:
    - Күнү«12» июль 2019-жыл
    - Убактысы: саат 10:00
    - Орду: Ош шаарынын мэриясы, жыйындар залы.
Окулду 348 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо