Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Фрунзенский” базарынын айланасы иретке келтирилүүдө. Жөө адамдар басуучу жолдогу күркөлөр алынып, мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда.
Бүгүнкү күндө соода түйүндөр бир күнгө жабылып, бир түскө боелууда. Мындан тышкары эскирген көрнөк жарнактарды алып салуу иштери жүрүүдө.
Өткөн аптада шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Курманжан датка көчөсүн кыдырып чыгып, аталган базардан айланасын иретке келтирүү тапшырмасын берген.