Версия для печати
Четверг, 11 Июль 2019 14:17

Оштун мэри Индиянын элчиси менен бир канча пландарды ишке ашырууну талкуулады

Бүгүн, 11-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болуп, шаар мэри индиялык инвесторлор менен иштешүүгө кызыктар экендигин айтты. 
Негизинен Ошто тоо балын өндүрүүчү ишкана ачуу сунушу айтылды. Бул атайын бизнес-план даярдалып, сунушталат.

Мындан тышкары экотуризм, кино тармагында кызматташуу боюнча сөз болду. Индия элчиси Кыргызстандын жерлери кооз жана ыңгайлуу экендигине токтолуп, кино тартуу боюнча кызматташууга болоорун билдирди.

Шаар мэри Т. Сарыбашов Оштогу дарыгерлерди Индиядан тажрыйба алып келүүгө жөнөтүү боюнча да макулдашты.



Сүрөттөр:
https://drive.google.com/open?id=1i9T-qG7BCNrKw6tRJcK-R0WArVht5CfF

Окулду 119 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо