Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караган “Ошский район” кичи базарынын алдындагы күркөлөрдү алып салуу иштери уланууда. Жөө адамдар басуучу жана автоунаа токтоочу жайларга курулган күркөлөр толугу менен алынат. Алып салуу иштеринен кийин тротуар оңдолуп, жашылдандырылат.
Мэриянын тиешелүү кызматкерлери жеке менчик кичи базардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базардын сырткы көрүнүшү оңдолмой болду.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмасы уланат.