Версия для печати
Четверг, 08 Август 2019 12:23

Ош шаарында жол сызыктарын жаңылоо иштери башталды

Ош шаардык жолдор башкармалыгы көчөлөрдөгү жол сызыктарын жаңылоо иштерин баштады. Унаа тыгындары жаралбас үчүн жол белгилери кечки убакта сызылып жатат.

Учурда Курманжан-Датка-8-Март, Курманжан Датка-Киргизская көчөлөрүнүн кесилишине жол сызыктары сызылды. Мындан тышкары Ленин, Курманжан-Датка, Г.Айтиев, Абдыкадыров, Монуев жана Масалиев көчөлөрүндө иш жүрүп жатат. Жол сызыктары мектеп жана бала бакчалардын алдыларына да сызылат. 
Жалпысынан көлөмү 3500 м2 тийиштүү материал-термопласт менен жол белгисин түшүрүү пландалууда. 
Жол белгилерин жаңылоо иштери август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.
 

Окулду 455 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо