Версия для печати
Четверг, 08 Август 2019 12:37

Ош шаарында куруучулар сыйланды

Бүгүн, 8-августта Ош шаарында куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди.

Ага вице-мэр Жасур Азимов,Ош шаардык кенешинин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, куруучулар жана архитекторлор катышты.

“Үстүбүздөгү жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир топ курулуш объектилерин куруу пландаштырылган. Аларды ишке ашырууда сиздер сыяктуу дасыккан куруучулардын, архитекторлордун эмгеги чоң. Жакынкы аралыкта куруучулардын эмгеги менен тургузулуп жаткан бир топ социалдык объектилерди шаардыктарга тапшырабыз. Ош шаарынын гүлдөп өсүүсүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис”, - деди Ж.Азимов.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарнын мэриясынын жана шаардык кеңештин ардак грамотасы менен куруучулар жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлери сыйланды.

Мындан тышкары бир канчасына «Ак кызмат» төш белгиси тапшырылды.

Окулду 650 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо