Бүгүн, 16-августта Ош шаарында 6000 м3 болгон суу кампанын курулушуна капсула салынды.
Капсула салуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорке кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жана Жапалак айылынын тургундары катышышты.
Суу кампа Жапалак айылдык аймактык башкармагын таза суу менен камсыздоо максатында курулууда. Курулушка республикалык бюджеттен каражат каралып, тендердик баасы 42 млн 496 256 сомду түзгөн.
“Чынында Ош шаарында жамгыр жааганда эле суу токтоп, суу көйгөйү бар. Бул маселени чечүүнүн аракеттерин көрүшүбүз керек. Мына бүгүн Жапалак аймагын таза суу менен камсыздоо максатында суу кампанын курулушун баштадык. Бул долбоордун ишке ашуусуна жардам көрсөткөн өлкө башчыбызга, өкмөткө, жогорку кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдиребиз”,-деди мэр.
Жогорку кеңештин депутаты А. Нурбаев парламентте Жапалактагы суу көйгөйүн бир канча жолу көтөргөн.
Ош шаарында жаан жааган сайын ичүүчү суунун токтошуна ачык асман алдындагы таза суу кампасынын абалы себеп болуп келет.
Адистер бул маселени жабык кампа куруу аркылуу гана чечүү мүмкүн экенин айтып келишет.