Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда.
Мэриянын атайын эсебине «Каганат Инвест» компаниясы тарабынан которулган каражатка 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк алынып, аз камсыз болгон жана азыркы кырдаалда муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылууда.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы каттоосу жок муктаж үй-бүлөлөргө да жардам берүү тапшырмасын берген.