Версия для печати
Среда, 22 Июль 2020 11:05

Ош шаарына караштуу Мээркан айылынын жолу асфальтталат

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Мээркан айылынын жолу асфальтталат. Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Мээркан айылынын жашоочулары менен жолугушуп, жол оңдоо иштери менен таанышып чыкты.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 1,1 чакырым жол асфальтталып, көчө жарыктандырылат. Бүгүнкү күндө ирригациялык лотоктор орнотулуп, жол асфальт төшөөгө даярдалган. Жолдун бир тарабына жөө адамдар басуучу жол да курулат.
Мэр айылдын негизги жолун асфальттоону жана жергиликтүү жашоочулардын суранычы менен айылдагы мектепке баруучу узундугу 150 метр болгон жолду да кошо асфальттоо тапшырмасын берди.
Мээркан айылынын жашоочулары жолдун абалы начардыгы тууралуу айтып келишип, шаар башчысына да кайрылышкан.

Окулду 159 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо