Версия для печати
Вторник, 22 Декабрь 2015 04:40

Ош шаарынын мэри үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдаланууга үндөйт

          Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарына,  шаардык мекеме-уюмдардын жамааттарына   Жаңы жылдык  корпоративтерди  өткөрбөө туурасында  атайын кайрылуу жолдойт.

          Муну калаа башчысы Жаңы жыл үй бүлөлүк майрам катары саналгандыктан үй бүлөнүн бекемдигин, ынтымагын,  бакыбаттуулугун чыңдоого багытталган кадам  катары баалады. Экономикалык каатчылыктын кара туманы  дүйнө алкагын каптап баратканы  ачык  байкалып жаткандыктан ысырапчылыкка жол бербей, мамлекеттик бюджет менен катар мындан ары    үй бүлөлүк бюджетти да сарамжалдуу пайдаланууга үндөдү.

         Ош шаарынын тургундарын  жана конокторун 2016-Жаңы жылды сергек жашоо үлгүсүндө сарамжалдуу  тосуу максатында мэрия  тарабынан уюштурулган  түрдүү оюн-зоокторду, концерттик программаларды, кинотасмаларды  көрүүгө чакырат.Майрамдык иш-чаралардын  афишаларын мэриянын расмий сайтынан  жана  «ОшТВ» телеканалынын  кулактандыруу жана  жарнак берүүлөрүнөн тааныша аласыздар.

 

           Жаңы жылыбыз жакшылыктын, ынтымак - биримдиктин жылы болсун! Ата Мекенибизди, ордолуу Ош шаарыбызды оомат коштосун!

Окулду 1513 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо