Ош шаарынын мэри А.Мамбетовдун Ош шаарынын тургундарына кайрылуусу
Урматтуу шаардыктар!
Ош шаары - Борбордук Азиядагы ири шаарлардын бири, Кыргызстандын түштүк борбору. Бүгүнкү күндө шаардын экономикалык, финансылык, транспорттук жана социалдык орду сиздердин баалуулуктарыңыздарга, жашоо образыңыздарга жана талаптарыңыздарга төп келиши зарыл.
Сиздер башка ири шаарлардагыдай эле шаардын социалдык - экономикалык, маданий, экологиялык абалына жогорку талаптарды коюп келесиздер. Ал талаптарды аткаруу үчүн Ош шаарынын мэриясы шаардын бардык тургундары, коноктору үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шаар болушу үчүн системалуу жана максаттуу иш алып барып жатат. Бул максаттарга жетүүгө бийлик органдары менен шаар тургундарынын аракеттерин бир багытка буруу менен гана жетүүгө болот. Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары менен конструктивдүү диалогко эле даяр болбостон шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого калктын катышуусуна шарт түзүп жатат.
2020-жылдан бери COVID-19 илдетинин пандемиясынын жана өлкөнүн тышкы факторлордон көз карандылыгынын жогорку болгондугунан келип чыккан экономикалык кризиске карабай учурда Ош шаары өнүгүү жолуна кадам таштап, Кыргызстандагы эң таза, жашыл жана гүлдөгөн шаарга айланды. Бирок, алдыда аткара турган жумуштар көп.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан “Ош-Жибек Жолунун провайдери” Ош шаарын 2021-2024-жылдарда өнүктүрүү программасы шаарды модернизациялоо боюнча бул убакытка чейин жыйналган тажрыйбаны, пландарды, шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.
Бул баарынан мурда коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, COVID-19 илдетинин пандемиясынын тийгизген терс таасирлерин жоюу, коомдук жашоодо акыйкатсыздыктын алдын алуу жана болтурбоо, шаар чарбасын башкарууга, шаардык чөйрөнү калыптандырууга шаардыктарды активдүү катыштырууга, эң негизгиси ар бир тургундары жана жаштары татыктуу билим алып, ыңгайлуу жашоо шарттар менен жашашы керек деп эсептейбиз.
Программаны турмушка ашырууга активдүү катышып, ордолуу шаарыбызды өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга бардык шаардын тургундарын чакырам.
Сиздерге бакубат жашоо, оомат каалап,
Урматтоо менен,
Ош шаарынын мэри А.Мамбетов
Кириш сөз
“Ош-Жибек Жолунун провайдери” программасы жарандардын бакубаттыгын арттырууга багытталган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, Туруктуу өнүгүү максаттарынын “артта эч кимди калтырбоо” деген негизги милдеттенмесине басым жасап жана адамга багытталган өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына таянып, уланмалуулук принцибин сактоо менен иштелип чыкты.
Программа 2021-2025-жылдарга карата Ош шаарынын туруктуу өнүгүшүнүн орто мөөнөттүү максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт.
Программанын максаты - жакынкы келечекте шаар калкынын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Программа жергиликтүү бийлик органдардын, кызыкдар болгон бизнес структуралардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырыла турган иш-чараларды камтыйт. Ошондой эле программаны иштеп чыгууда Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планынын иш-чаралары эске алынды.
Программага Ош шаарынын соңку жылдардагы негизги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2021-2025-жылдарга негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу пайдаланылды.
Жалпы программаны каржылоого 18518,3 млн. сом акча каражаты жумшалат. Анын ичинен 2134,15 млн. сом жергиликтүү бюджеттен, 1385,5 млн. сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү, ипотекалык жана өздүк каражаттар 1407,0 млн. сом болору, ал эми 13786,1 млн. сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган.
Ош шаары, 2021-жыл