Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында аткарылып жаткан долбоорлорду текшерди.
Калаа башчысы Достук кичи районуна барып, №43, №72, №73, №74, №78, №80 көчөлөрдөгү канализацияларды орнотуу иштерин көрдү. Бул кичи райондо дагы үч көчөнүн боюна канализация системасын киргизүү пландалууда. Жалпысынан Достуктагы 100дөн ашык үйгө канализация түйүндөрү тартылат.
Мындан сырткары мэр Кулатов жана Төлөйкөн кичи райондорундагы үч көп кабаттуу үйдүн фасадын сырдоонун жыйынтыгын көрүп чыкты.
А.Мамбетов Ош шаарында биргелешип каржылоо программасын кеңейтип, жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.
Кошумча каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын тургундары жумуштун жалпы көлөмүнүн 50% чогултушу керек, калган сумманы Ош шаарынын мэриясы камсыздайт. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу бардык долбоорлор (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализация жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу кирет.
Бул жылы жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо программасынын долбоорлоруна 25 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө 6 миллион сомдук долбоорлор ишке ашты.
Белгилей кетсек, Шакиров №275/4, Кара-Суу №6, Кулатов №19, Төлөйкөн №1 А,Б даректериндеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү жакшыртылды; Жим №5, Ленин №341, Достук №78, №80 аймактарында канализация иштери жүрдү; Бекбалаев №34, Ленин №341, Кулатов №13, №16, Курманжан-Датка №213 аймактарына суу түтүктөрү тартылды; Масалиев №98 көп кабаттуу үйүнүн чатырын жана подъезддерин оңдоо иштери башталды.