Версия для печати
Вторник, 19 Апрель 2016 07:01

Ош шаарынын мэри Жалал-Абад шаарынын жаш активисттери менен жолукту

Бүгүн, 19-апрель Ош шаарынын мэри Айтмат Кадырбаев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бир нече факультеттеринин жаштар иштери боюнча комитети жана “Данышман” интелектуалдык клубунун мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Ош шаарында болуп жатан алгылыктуу иш аракеттер туурасында кыскача маалымат берип өттү.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө өлкөнүн гүлдөп өсүшү жаштардын колунда экендигин белгилеп, бирдиктүү иш жүргүзүү менен мамлекетке салым кошууга үндөдү.

Жолугушуу суроо жооп иретинде өтүп, калаа башчысы жаштар менен пикир алышты.

Өз кезегинде келген активисттер Ош шаары таза жана кооз шаар экендигин кошумчалап, бул иш аракеттер калаа башсчысынын салымы экендигин билдирди.

Ошондой эле, шаар башчысына ыраазычылык билдирип, өздөрү даярдаган белектерин тапшырышты.

Окулду 1624 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо