1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (952)

Бүгүн,  12-сентябрь күнү Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар бир аймакка курмандык союу үчүн кара мал жана 50 миң сом акча каражатын  бөлгөн.

Аймактык кеңештердеги майрамдык иш-чараларга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, Ички Иштер Министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышып, шаардыктарды Курман  айт майрамы менен куттукташты. Ар бир аймакта өтүп кеткендер эскерилип, куран түшүрүлдү жана аймактык тургундарга  майрамдык дасторкондор жайылды.

   Калаа башчысы Курман айт майрамы-элибизге кубаныч тартуулап, журтубуздун бейпилдигин арттырып, ыймандуу, берешен коомдун түптөлүүсүнө чоң салым кошот деп билдирди.

  “Ыйык Курман айт күнү мусулмандар ата-бабаларын эскерип, аларга арнап куран түшүрүп, курмандык чалышат, муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук жасашат. “Курмандык чалуу- Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана анын бизге берген нимат-жакшылыктарына, ыкластарына ыраазычылык билдирүү болуп саналат”-деп айтышат аалымдар. Демек, бул күн бири-бирибизди жакындатып, ортодогу урмат-сыйды жогорулатат.  Алла Таала баарыбызга ыйман-ынсап берип, өлкөбүздө, шаарыбызда тынчтык, өсүп-өнүгүү ыроолосун. Кечиримдүүлүктүн, берекенин, ыймандын нурун чачкан майрамыңыздар куттуу болсун ”, -  деди А.Кадырбаев.

 Ал эми шаардын башка аймактарына вице-мэрлер барып жалпы эл менен чогуу Курман айт майрамын белгилешти.

Биссмилахир рахмаанир рахиим!

Урматтуу момун мусулмандар!

Бүгүн Кыргызстан мусулмандары  эң улуу майрам болгон Курман айт майрамын биримдикте, достукта  жана ынтымакта зор кубаныч менен тосууда. Ош шаарынын мэриясынын,  жеке өзүмдүн атымдан  баардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап,  айтыңыздар маарек болсун - демекчимин.

XV кылым өтсө дагы пайгамбарыбыз Ибрагим менен  уулу Исмайылдын окуясы күнү бүгүнкүдөй жаңы,  таза, тарбиялык маанисин жоготпой баарыбызды ыйманга, мээрбандыкка, дегеле адамдык бийик сапаттарды ыйык тутууга чакырып турат.

Биздин аалымдар айткандай,  бул жарык дүйнөгө Алла таала бизди- адамдарды сынаш үчүн жаратат экен :

Бир адамга байлык берип сынаса бир адамга бийлик берип, бирине күч берсе, бирине акыл берип, «Ушул мен бергенньематымды адам баласы  кантип көтөрөт экен» - дейт экен Алла Таала, ошондо периштелер адамды түз жолго салса, шайтан азгырып  - адам баласы чыныгы  сыноодон өтөт - дешет аалымдар.

            Кудай Таала кечиримдүү жан, андыктан намаз окуп, ибадат кылалы. Кудай бизди ыймандан ажыратпасын, эли журтубуз айдан аман, жылдан эсен,ынтымактуу болсун,  ылайым балдарыбыз ата - энеге күйүмдүү болуп, элибизде, коомубузда бейпилдик, тынчтык орносун.

            Курман айттын мааниси – Кудай Таалага жакын болуу, демек  айт күнү баскан изиңди абайлагыла, кокусунан кумурсканы басып албагыла, ооруп жаткандарды барып сурагыла, жетимдердин чекесин сылагыла, кайрымдуулук кылгыла, бирөөнүн көңүлүн оорутпагыла -  деп, алтын тамгалар менен жазылып турат биздин ыйык Куранда.

            Урматтуу мусулмандар мен Ош шаарынын башчысы  катарында айтып коюшум керек, бүгүнкү күндө саясый да, диний да кырдаал Ош шаарында бир калыпта - туруктуу, аны эч кандай кыянатчылар буза албайт.

      Курман айт намазын окуган ар бир мусулмандын дилинде эмне жакшы тилек, ой максаты болсо, ошонунун баары Алланын жардамы менен ишке ашсын. Ажы сапарында жүргөн жердештерибиздин ажылыгы кабыл болсун. Бейтапканаларда, үйлөрдө жаткан айт намазына келе албаган  оорукчан мусулмандарыбызга Кудай Таала шыпаа берип, айыгып кетишсин. Мекендештерибизге жакшылыктарды каалап, балдарыбыз Ысмайылдай ыймандуу, келин - кыздарыбыз, апаларыбыз Ажар энебиздей мээрбан, аталарыбызга Ибрагим алейхи саламдай сабырдуулукту каалап, элибизге тынчтык, биримдик, достукту Кудай Таала насип кылсын  демекчибиз.

 Бүгүнкү Курман Айт  майрамыңыздар маарек болсун,

 Ассалому алейкум Рахматуллохи ва баракатуху!

Бүгүн, 12-сентябрь Ош шаарындагы борбордук аянтта саат 8:00до Курман айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаев, Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Таалайбек Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, жана 10 миңден ашуун шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жалпы мусулмандарды майрамы менен куттуктап, ыйык күн кечиримдүүлүктүн, кубанычтын күнү экендигин айтып, өлкөнүн тынчтыгын тиледи.

Баарыңыздарды Курман Айт майрамы менен куттуктайм. Улуу жаратуучунун эң ыйык күндөрүнүн биринде жүз көрүшүп отурабыз. Бул күнү баардык араздашкандар жарашып, касташкандар достошо турган күн. Курман айт майрамы Алланын берекеси жааган күн экендиги курандарда айтылып келет. Ошондуктан баардыгыбыз айт намазын окуу менен бирге эле, жаратуучудан Кыргызстан мамлекетине анын ичинде Ош шаарына береке, тынчтык жана ынтымак тилейли. Кудай бизди ыймандан ажыратпасын, эли журтубуз айдан аман, жылдан эсен,ынтымактуу болсун,  ылайым балдарыбыз, ата - энеге күйүмдүү болуп, ар бир үй- бүлөдө ынтымак, өлкөбүздө тынчтык ыроолоп, балдардын бактылуу, кубануу, сүйүнүчтүү күлкүсү угулуп турсун”, - деди А. Кадырбаев.

Андан соң жалпы Курман айт намазы окулду.

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө  кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын кабыл алды.

 Мектептин ачылышына КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Казакстандан келген өкүлдөр, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Шаар мэри бардык нерсе билимден көз каранды экенин айтып, жалпы катышуучуларды Билим күнү менен куттуктады.

“  500 орундуу орто мектеп Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин  каржылоосу менен курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 102 млн 681 миң сомду, ал эми тендердик баасы 88 млн 611 миң сомду түздү. Мектептин курулушу өткөн жылдын июнь айында башталган, жалпы аянты 2,3 га. Бул мектептен келечекте өлкөнүн, шаарыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошкон чыгаан кыргыздын балдар-кыздары чыгат деп терең ишенебиз. Келечектин ээлери болгон өспүрүм балдар, мектепке бараткан  окуучулар, силер бүгүн билим уясына бет алдыңар. Ар бир күнүңөр ушундай жарык болсун, жүзүңөрдөн жылмаюу, сүйүнүчтүн белгилери эч качан кетпесин”,-деди А.Кадырбаев.

Сооронбай Жээнбеков да келечек ээлерин Билим күнү менен куттуктады. Анын айтымында, быйыл билим берүү тармагына өлкө бюджетинин 20%ы бөлүндү.  

Мектеп директору Кыябек Акматов көп тилдүү билим берүүчү мектепке окуучулар сынактын негизинде кабыл алынганын билдирди. 

«Биз окуучуларга математика, информатика, химия, биология предметтерин тереңдетип окутабыз. Англис, орус, кыргыз тилдерине басым жасалат. Жалпы 1-8-класска 550 бала кабыл алынды. Окутуу акысыз жүргүзүлөт”,-деди К.Акматов.

Бүгүн, 1-сентябрь Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрө колдонууга берилди. Ачылуу аземине КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында түштүк чыгыш кичи районундагы жаңы көпүрө үч аймактык кеңешин жана Төлөйкөн айылын бириктирип, студенттер шаарчасына көрк берип турат.

-“Бул көпүрө Курманжан Датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айылын бириктирип турат. Миңдеген студенттер шаарды айланып келип окуп жаткан. Жаңы ачылган көпүрө студенттер үчүн эң ыңгайлуу болду. Бул эстакадалык көпүрөгө бөлүнгөн акча каражатынан үнөмдөлгөн суммага курулду. Ал эми студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөдөн сарамжалданган акчага үчүнчү көпүрөнү пландаштырып жатабыз. Жасалып жаткан иш-аракеттер жаштардын жаркын келечеги, шаардыктардын ыңгалуу жашоосу үчүн кам көрүү болуп эсептелинет”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, курулуш иштери  ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. Жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзөт. Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр.

Айта кетсек, жаңы көпүрөгө жанаша жайгашкан “Жеңиш” эс алуу багы оңдоп-түзөлүп, студенттер жана тургундар үчүн акысыз интернет коюлду. 

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында өлкө Эгемендүүлүгүнүн  25 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри эгемендүүлүк күнү- өлкөбүздүн эң ыйык, эң улуу майрамы экенин билдирип, шаар тургундарын жана меймандарын Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

-“Биз бүгүн баарыбыз  мына ошл эзелтен кылымдар бою элибиз эңсеп, күрөшүп, эчен кылымдардын эңсөөсү болгон- Азаттык, Эгемендүүлүк майрамын белгилеп олтурабыз.
Катаал сыноолорго карабастан, биздин эл өлкө биримдигин жана бүтүндүгүн, өз үйүнүн туруктуулугун сактай алды. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды. Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, мезгил менен тең жарышып бүгүн Эгемендүүлүк Күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат улуу Адамдык дөөлөт. Эгемендүүлүктүн башкы дөөлөтү-Адамдын эркиндиги жана келечеги.

Учурда Кыргызстан-дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө умтулган демократиялык, эгемендүү мамлекет. Анын ичинде Ош — кыргыз тарыхынын ордосу, куттуу жер. Ош шаарыбыз да жыл өткөн сайын өнүгүп жатат. Мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жумшалат”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр  да калаа тургундарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстан анын ичинде Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткандыгын белгиледи.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө, шаардын борбордук аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган аскердик парад, өлкө эгемендик алгандан бери чейрек кылымда басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн зоок, концерттик  программа тартууланды.

Мындан сырткары, «Курманжан Датка», «Манас Ата» кичи районунда , «Алымбек Датка», «Каныкей» ,«Ата-Түрк» сейил бактарында майрамдык шаан-шөкөт, оюн-зооктор уюштурулду. Спорт сүйүүчүлөрү үчүн шаардык стадиондо ар түрдүү спорттук оюндар, конкурстар, Навои эс алуу багында шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер орун алды.

Ошондой эле, Эгемендүүлүккө карата калаадагы 4 парк интернет менен камсыз болду. Акысыз вай-фай “Жеңиш”, “Ата Түрк”, “Алымбек Датка” жана И.Раззаков атындагы эс алуу жайларына орнотулду. Интертентке уланган эс алуу жайларында ай сайын маданий иш-чаралар, ар кандай сынактар өтүп турат. 

Бүгүн, 31-август өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата  Ош шаарындагы Озур айылында 100 орундуу “Семетей” балдар бакчасы шаардыктарга тапшырылды. Ачылуу аземине биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө бул бала бакчадан тарбияланган балдар келечекте Кыргызстандын түндүгүн көтөрүп, мамлекет жана эл үчүн кызмат кылат деп белгиледи.

-“ Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарыбыздын билимдүү жана таланттуу болуп өсүшүнө шарт түзүп берүү зарыл. Андыктан бала бакча, мектеп жетишсиз аймактарга биринчи көңүл буруу биздин негизги милдет. Озгур айылында бала бакча муктаждыгы бар экенин көп жылдардан бери билебиз. Мына быйыл эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай Озгур айылынын тургундарына “Семетей” балдар бакчасын баардык шарттары менен куруп тапшырып жатабыз. ”, - деди А. Кадырбаев.

Айта кетсек, “Семетей” баладар бакчасынын жалпы сметалык баасы 40 738,3 миң, ал эми тендердик баасы 24 945,7 миң. Ээлеген аянты 983 м2.

Белгилей кетсек, 19-августа Ош шаарындагы Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда тургундарга тапшырылган. 

Ачылуу аземинен соң, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюу аземи болду.

Урматтуу Кыргызстандыктар, шаарыбыздын тургундары жана меймандары! Кадырман кыргыз элим!

Сиздерди Өлкөбүздүн эң ыйык, эң улуу майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир жарандын көкүрөгүндө Ыйык туткан Улуу майрамы бар. Ал-майрам Баарынан Улук, Баарынан Бийик, Баарынан Кымбат. Биз бүгүн баарыбыз  мына ошл эзелтен кылымдар бою элибиз эңсеп, күрөшүп, эчен кылымдардын эңсөөсү болгон- Азаттык, Эгемендүүлүк майрамын белгилеп олтурабыз.

Катаал сыноолорго карабастан, биздин эл өлкө биримдигин жана бүтүндүгүн, өз үйүнүн туруктуулугун сактай алды. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды. Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, мезгил менен тең жарышып бүгүн Эгемендүүлүк Күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат улуу Адамдык дөөлөт. Эгемендүүлүктүн башкы дөөлөтү-Адамдын эркиндиги жана келечеги.

Учурда Кыргызстан-дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө умтулган демократиялык, эгемендүү мамлекет. Анын ичинде Ош — кыргыз тарыхынын ордосу, куттуу жер. Ош шаарыбыз да жыл өткөн сайын өнүгүп жатат. Мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жумшалат.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстан – көп этностуу өлкө. Кыргызстанды мекендеген бардык этностор бири-бирине боордош, тагдырлаш жана тилектеш. Биз бир элбиз, бир журтпуз, коомдун жүгүн бирге көтөрүшүп, жакшылыктарды да, кыйынчылыктарды да бирге көрүп келебиз. Биздин күчүбүз – биримдикте!

 Чейрек кылымды басып өткөн Эгемендүүлүк майрамыбыз баарыбызга кут болсун!
Жараткан жолубузду ачып, дайыма колдоп жүрсүн! Бийлик – адилеттүү, элибиз – ынтымактуу, жерибиз – берекелүү болсун!

Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, тынчтык өкүм сүрсүн!

Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 25-августта болгон билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмесинде билдирди.

“Өлкөдө биринчи болуп мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенген, бала баккан кызматкерлерге колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен комуналдык төлөмдөрү үчүн 3 жарым миллиондон ашуун акча каражаты  2017-жылдан баштап төлөнүп берилет.

Ош шаарынын мэриясы мүмкүнчүлүккү жараша мугалимдерге да ар  тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатат. 2016-жылдын биринчи жарым жылында эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен  3065 мугалимдин коммуналдык чыгымдары үчүн   4 млн. 703 мин 700 сом акча төлөнүп берилди.

Ушундай эле төлөм жаны окуу жылында да улантылат”, - деди А.Кадырбаев.

Бүгүн, 25-августта Ош улуттук драма театрында мугалимдердин Август Конференциясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, ардагер жана жаш мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш адистерди кабыл алуу аземи болду. Анда ардагер мугалимдер насаат сөздөрүн айтышып, жаш адистер ант беришти.

Калаа башчысы жалпы катышуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

“Билим берүү системасынын негизги өзөгү болгон билим сапаты жана мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү  мугалимдердин гана эмес баарыбыздын милдетибиз. Жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрларга муктаждыгы анча сезилбегени менен жетишсиздик бар экендигин белгилөөгө болот. Жаңы окуу жылына карата 214 мугалимге заявка берилген болсо, 106 адис ишке кабыл алынды”,-деди А.Кадырбаев.   

Ошондой эле, жаңы окуу жылына жолдомо алышкан 106 жаш адистин ичинен, атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган  20 адиске А.Кадырбаев баалуу белек катары заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26