Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 14 Январь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 14 Январь 2022

Бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Чогулгандар бул аймактагы суу, жол, тротуар, маршруттук каттамдар, бала бакча, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчалары, айлампа жолдун жанындагы таксилердин башаламандыгы өңдүү маселелерди көтөрүштү.

Калаа башчы ар бир аймактык башкармалыкка барып эл менен жолугуп жатканын, бюджетти бекитүүдө мында айтылган сунуштар эске алына турганын билдирди. Ошондой эле долбоорлорду биргелешип каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.
«Быйыл шаардын инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Анын ичинде тротуарларды реконструкциялоого басым жасоо пландалууда», - деп белгиледи А.Мамбетов.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 14-январда Ош шаарынын мэриясынын эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиясынын чукул жыйыны өттү. Штабдын жыйынында Ош шаарында коронавирустун, пневмониянын жайылышынын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Анда санэпид кызматы, саламаттык сактоо тармагынын, үй-бүлөлүк дарылерлер топторунун өкүлдөрү учурдагы абал боюнча маалымат беришти.

Вице-мэр Венера Рыскулова ооруну жайылтып албоо үчүн жана илдет мектептердин иштөө тартибине таасир этпеши үчүн билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде жана эл көп топтолгон жерлерде тийиштүү иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.
Жыйындын соңунда жооптуу тармактардын жетекчилерине төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
- Эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүү, базарларда санитардык эрежелерди сактоо;
- Калкка, бардык окуу жайлардын студенттерине, анын ичинде чет өлкөлүк студенттерге эмдөө жана кайрадан вакцинациялоо иштери боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;
- Муниципалдык аймактык башкармалыктар санэпид кызматы менен биргеликте базарларда, коомдук тамактануучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн күндүзгү жана кечки рейддерди уюштуруу;
- Жума намазы учурунда санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- Эпид кырдаал жакшырганга чейин шаардын алыскы райондорунун тургундарын эмдөө жана кайрадан вакцина алуусу үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүү;
- График менен билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерин, базарларды дезинфекциялоо;
- Кампаларда зарыл болгон дары-дармектердин камсыз болушу тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды
Ошондой эле штабдын жыйынында Ош шаарында коронавирустун жаңы омикрон штаммын аныктоо үчүн тиешелүү анализдер алынышы күтүлүп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, 14-январга карата Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 22 жаңы учуру аныкталган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });