x
Ң ң Ө ө Ү ү

Шаар жөнүндө

Ош шаары - Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш четинде, Памир-Алай тоолорунун түндүк чектеринде, деңиз деңгээлинен орточо 1000 м бийиктикте орун алышы, аймагында Ак-Буура дарыясынын  агып өтүшү, Сулайман-Тоосунун орун алышы шаарга өзгөчө жагымдуу ландшафттык жана климаттык шарттарды түзүп турат. Мындан улам шаар биздин заманга чейинки II жүз жылдыктан тартып Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүндөрүнүн ролун аткарып келди.

 

Бүгүнкү күндө Ош шаары территориясы, калкынын саны, экономикалык жана маданий мааниси боюнча республикада экинчи шаар болуп, түштүк борбору статусуна ээ. 2001-2010-жылдары Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн, ошондой эле туристтик тармакты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары үзүрлүү иштеп жатат. Шаардын тармактык-структуралык өнүгүүсүндө туризм тармагынын да ургаалдуу өнүгүүсү шаарда экономиканын жана социалдык чөйрөнүн айкалышып өсүп-өнүгүп жаткандыгын далилдейт. Анткени, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, рынок экономикасынын максатка ылайык өнүгүшү туризм тармагынын өнүгүү деңгээли менен аныкталат.

 

Шаардын бай тарыхы жана анда тарыхый-маданий эстеликтердин жогорку деңгээлдеги топтолушу. Тактап айтканда, шаарыбызда 40тан ашык ар кандай тарыхый эстеликтер (Сулайман-Тоодогу таштагы жазуулар, Асаф-ибн-Бурхия мавзолейи, Абдулла-хан Рабаты, Бабурдун үйү ж.б.) жайгашкан. «Экинчи Мекке» катары таанылган Сулайман-Тоосунун өткөн жылда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк табигый жана маданий мурастардын тизмесине киргизилиши аталган тоонун дүйнөлүк масштабда мааниси бар туристтик обьект экенин жана мындан ары таанып-билүү, диний максаттарда келген туристтердин санынын кескин көбөйүшүн далилдейт.

 

Заманбап Ош шаары Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү чоң саясий-административдик жана маданий борбору болуп эсептелинет. 2003-жылдан бери шаарга республикалык маанидеги статус берилген. Ош шаарында областтык жана регионалдык бийликтин бутактары