Маданият, спорт, туризм
Ош шаардык маданият башкармалыгы өзүнүн ишинде Ош шаарынын мэриясынын, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин иш-чараларын жетекчиликке алып, шаардын маданиятын, искусствосун өркүндөтүүдө, шаарда өткөн ар кандай маданий-массалык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен аракеттерди жасап келүүдө.
Ош шаарында 1 маданият башкармасынын карамагында;
- № 1 - С. Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектеби;
- П. И. Чайковский атындагы балдар музыкалык искусство мектеби;
- Г. Айтиев атындагы атайын көркөм сүрөт мектеби;
- 22 кишиден турган фольклордук - эстрада тобу бар.
Андан сырткары шаарда борборлоштурулган китепканалар тармагы жана анын аймактык кеңештерде жайгашкан 12 филиалдары иштейт.
Жалпысынан шаардагы маданият жана искусство мекемелеринде 195 кызматчылар эмгектенишет.
Шаардык маданият башкармалыгы бекитилген иш пландын негизинде жыл башынан бери шаарыбыздын элин маданий жактан тейлөөдө жана Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 11-январындагы № 3 2011-жылды Ош шаарында улуттар аралык мамилени, ынтымактуулукту, достукту чыңдоо жөнүндө токтомун аткаруу боюнча бир топ маданий иш-чараларды уюштурууга жетише алды. Шаардык маданият башкармалыгы тарабынан өткөн 3 жыл ичинде ар түрдүү маданий иш-чараларды, кароо-сынактарды уюштуруу менен бирге шаардагы маданият мекемелеринин материалдык, техникалык базаларын чыңдоо багытында да алгылыктуу иштер алып барылды.
|
№ |
Аталышы |
2009 – ж. |
2010 – ж. |
2011 – ж. |
|
1 |
Жергиликтүү бюджеттин каржылоо көлөмү |
16335,5 |
17867,8 |
19580,1 |
|
2 |
Айлык акы |
6667,6 |
7953,9 – 19% |
8324,6 – 4,6% |
|
3 |
Жумшалган каражаттар |
1650,4 |
1717,0 |
1690,0 |
|
4 |
Оңдоп-түзөө |
1550,0 |
1536,0 |
3150,0 |
|
5 |
Ар түрдүү чыгымдар |
4168 |
4061,2 |
5895,1 |
|
6 |
Өткөрүлгөн иш чаралар |
156 |
162 |
148 |
|
7 |
2009-2011-жылдарга салыштырмалуу % өсүү суммасы |
|
9,4% |
9,6% |
2009-жыл
2009-жылы жалпы бюджеттен маданият жана искусство тармактарын карыжылоого 16335,5 миң сом акча каражаты каралган.
2009 – жылы Ош шаардык депутаттардын кеңешинин сессиясында Ош шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагына 200,0 миң сом китеп сатып алууга кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди (айлык акысын 25 % көтөрүүгө (тейлөө бөлүмүнө), ишти жогорулатуу үчүн интернетке кошулууга).
2009-жылы 500 миң сомго китепкананын № 4 филиалы капиталдык ремонттон өттү. Ал эми 95 миң сом 4 (төрт) даана компьютер (филиалдар үчүн 4, 3, 6,) 115 миң сом эмеректер сатып алууга (ЦБ № 5 фил.) 24,5 миң сом Кател компаниясынын 16 (он алты) даана уюлдук телефонун алууга каражат бөлүнүп берилди.
С.Бекмуратов атындагы балдардын музыкалык мектебине – 102,0 миң сомдук инструменттерди сатылып алынды.
П.И. Чайковский атындагы искууство мектебине – 52100 сомдук компьютер, эмеректер сатылып алынды.
Г. Айтиев атындагы сүрөт мектебине – 139041 сомдук эмерек сатылып алынды.
Маданият жана искусство мекемелеринде 1550,0 миң сомдук оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү.
2010-ж.
2010-жылы жалпы бюджеттен маданият жана искусство тармактарын карыжылоого 17867,8 миң сом акча каражаты каралган.
С.Бекмуратов атындагы балдардын музыкалык мектебине – 150 миң сомдук үн күчөтүү музыкалык аспаптар сатылып алынды.
П.И. Чайковский атындагы искууство мектебине – 154 миң сомдук үн күчөтүү музыкалык аспаптар сатылып алынды.
Г. Айтиев атындагы сүрөт мектебине – 105,5 миң сомдук мольберт, компьютер сатылып алынды.
Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы 300,0 миң сомдук эмерек сатылып алынды.
Маданият жана искусство мекемелеринде 1536,0 миң сомдук оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү.
2011 – ж.
2011- жылы бардык маданият жана искусство мекемелерине ремонттоо иштерине Ош шаардык мэриясы жана Депутаттардын Ош шаардык кеңеши мекемелердин базасын чыңдоо боюнча кошумча бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилди.
Материалдык техникалык базасын чыңдоого Ош шаардык кеңештин депутаттары: П.И. Чайковский атындагы искууство мектебине – 650,0 миң сом, С.Бекмуратов атындагы балдардын музыкалык мектебине – 500,0 миң сом, Г. Айтиев атындагы сүрөт мектебине – 1 миллион сом бөлүп берди.
Музыкалык, көркөм-сүрөт мектебинин мугалимдеринин айлык акысы 1,8 эсе өстү.
Библиотека кызматкерлеринин айлык акысы 2,0 эсеге өстү.
Ош шаардык мэриясынан «Портер» автомашинасын сатып алууга 350000 сом акча каражаты Муниципалдык мекемесине бөлүнүп берилип, алар тарабынан маданият башкармалыгына портер машинасы 5 жылга ижарага берилди.
Фольклордук аспаптар группасына 4 кишиге 200,0 миң сом бөлүнүп берилди.
|
№ |
Аталышы |
2009 – ж. |
2010 – ж. |
2011 – ж. |
|
1 |
Китептин саны |
438 даана |
1119 даана |
822 даана |
|
2 |
Китеп сатып алуу Ош ш. БКТ |
190,0 |
215,0 |
156,3 |

18.05.2012
18.05.2012
18.05.2012
17.05.2012