x
Ң ң Ө ө Ү ү

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Аймактык дүң өндүрүм

 

Акыркы жылдардын көрсөткүчтөрүнө таянып кетсек, аймактык дүң өндүрүмдүн көлөмү 2008-жылдын жыйынтыгы менен 3700,5 млн.сом жеткен, ал эми калктын адам башына 14,8 миң.сомду түзөт.

2009-жылы аймактык дүң өндүрүм 6746,3 млн.сомго жетип, өсүү темпи 104,5 %, калктын адам башына 26,6 миң.сом, 2010-жылы алдын ала эсеби менен алганда июнь айындагы болгон окуяларды эске алып 6082,5 млн.сом же болбосо өсүү темпи 80,0 % эсептелген.

2011-жылга болжол аймактык дүң өндүрүмдүн көлөмү 6813,9 млн.сомго түзүлгөн, бирок, азыркы күнгө чейинки болгон негизги тармактарда өсүүлөрдү эске алганда бул көрсөткүчтүн өсүүсү күтүлүүдө.

 

 

Ишкердик

Азыркы күндө Ош шаарында 1,2 миң чакан жана орто мекемелер, 10,5 миңдей жеке ишкер, 2,2 миң дыйкандык (фермердик) чарбалар ишмердүүлүгүн алып барып жатышат.

Жалпы өнөр жай продукциясынын көлөмү ишкердүүлүк субьекттердин көлөмү 30-35 % жетет, соода-сатык, тейлөө, айыл чарбасында негизги салым ушул чөйрөсүндөгү субьекттер ээлейт, ал эми курулуш, транспорт, тышкы соода-сатык тармактарында өз салымын ээлейт.

Азыркы күндө Ош жана Жалалабат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан 1,4 миңдей жабыр тарткан ишкердүүлүктөргө ар бирине кайтарымсыз 50,0 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн.

 

 


Жабыр тарткан субьекттердин саны, бирдик

Тартылган зыяндын көлөмү, млн.сом

I этап

1 238

1 305,5

II этап

190

321,4

Жалпысы:

1 428

1 626,9

 

 

Андан сырткары 1,8 миң жабыр тарткан жарандардын, ишкерлердин жеке менчик мүлккө келтирилген зыян аныкталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам берүү маселеси менен сунушталган.