x
Ң ң Ө ө Ү ү

Саламат сактоо

Ош шаардык саламаттык сактоо тармагынын  мекемелери

Ош шаардык саламаттык сактоо тармагынын  мекемелери төмөндөгүлөр кирет.

1. 800 орундуу Ош шаардык аймактык оорукана 3 филиалы менен (ОШАО №1, №2, №3 филиалдары)

2. 100 орундуу Ош областтар аралык туберкулезго каршы балдар ооруканасы диспансердик бөлүмү менен

3. 70 орундуу Балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борбору

4. 50 орундуу Ош шаардык Балдар үйү

5. Ош шаардык  медициналык тез жардам бекети

6. №1 жана №2  тиш дарылоо поликлиникасы

7. №1 жана №2  үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору  10 филиалы менен

8. Ош шаарына караган Жапалак аймактык башкармалыгынын калкын  7 фельдшердик-акушердик пункттардын медицина кызматкерлери тейлейт.

9.Ош шаардык мамлекеттик  санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө  борбору

10. Ош шаардык заласыздандыруу бекети.

 

Ош шаарында  2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору:

 

I. №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өзүндө -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар жана  6 филиал ага баш ийет  алар төмөндөгүлөр:

1. №1 ҮДБнун №1 филиалы -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

2. №1 ҮДБнун №2 филиалы  -4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

3. №1 ҮДБнун №3 филиалы  -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

4. №1 ҮДБнун № 4филиалы  -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

5. №1 ҮДБнун №5 филиалы  -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

6. №1 ҮДБнун №6 филиалы  -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

 

II. №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өзүндө 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 4 филиалы бар:

1. №2 ҮДБнун №1 филиалы  -3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

2. №2 ҮДБнун №2 филиалы  -4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

3. №2 ҮДБнун №3  филиалы -5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

4. №2 ҮДБнун №4 филиалы -4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

Ош шаары боюнча  41  үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар.

 

Ош шаарынын саламаттык сактоо тармагынын мекемелеринде  2746  медицина кызматкерлери эмгектенет, анын ичинен  медайымдар 1192 жана  617 дарыгерлердин ичинен 2 медицина илимдеринин доктору, 8 медицина илимдеринин кандидаты, 167 медицина кызматкерлер саламаттык сактоонун мыктылары, 5 дарыгер Кыргыз Республикасынын ардактуу дарыгери деген наамга ээ болгон.

Дарыгерлер менен 10 000калктын  санына камсыз болушу -24,2 пайыз;

Орто билими бар медициналык кызматкерлер менен камсыз болушу – 48,8 пайызды түзөт.

 

Топтоо пайызы  (% укомплектованности):

Дарыгерлер-  617 – 83,0 пайыз

Медайымдар – 1192  – 85,7%

 

2011-жылдын  9 айында билимин жогорулатуудан жана адистештирүүдөн окуусунан   87 дарыгер, 134 орто медициналык кызматкерлер өтүштү.

Ошондой эле 2011-жылдын 9 айында  иштен кеткен дарыгерлердин саны 46, ишке алынгандардын саны 56, ал эми,  111 орто медициналык кызматкерлер иштен кетсе, алынгандардын саны 183ү түздү.

2011-жылдын 9 айында финансылык колдоо иретинде 106884,8 миң акча каражатынан 106884,8 миң  сом бөлүнгөн жана 100 пайызга аткарылган.

Ош шаарынын аймагында жайгашып, шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тейлеп жаткан Карасу районунун калкын кошуп эсептегенде,  шаардын калкынын саны  271113 адам. Алардын ичинде  чоң адамдардын саны – 178057, ал 65,6 пайыз,  балдардын саны  – 85057 – 31,3 пайызды түзөт.

2011-жылдын 9 айында бир жашка чейинки балдардын өлүм көрсөткүчү айылдык өлгөн балдар менен биргеликте (аз салмактууларды кошкондо) - 213-51,6:1000

Ош шаары боюнча  таза көрсөткүч– 76-21,3:1000

Энелердин өлүм көрсөткүчү  1 учур-100 000 тирүү төрөлгөндөргө 24.2 ни

түзгөн;

Бир жашка чейинки балдарды эмдөө – 85,5 пайызды түздү.

Калктын 10000санына орун (койка) менен камсыздоо   – 34,4

Ош шаардык аймактык оорукананын жана анын филиалдарында 2011 –жылдын 9 айында  27539 оорулуу дарыланып чыккан жана алардын жатып дарыланган орун күнү 105,0 пайызга аткарылган.

Ошентип 2011-жылдын 9 айында  пролечено больные из категории льготников:

- локалдуу согуштун катышуучулары                       -29

- жалпы оорулардын майыптары                              -1504

- майып балдар                                                              -65

- 5 жашка чейинки балдар                                           -11004

- кант диабети  оорулуулары                                      -497

- бронхиалдык астма оорулуулары                           -81

-70 жаштан ашкан пенсионерлер                               -1353

 

Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык аймактык ооруканага 80 000 сом жана Балдар үйүнүн кампасы курулушу үчүн 1млн. сом  бөлүнгөн.

«Кызыл крест» швециялык фонду балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунун  капиталдык оңдоосуна 40 000 сом бөлүп берген.

Атайын эсептин эсебинен Ош област аралык балдар ооруканасынын диспансердик бөлүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүүү үчүн 990 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.