x
Ң ң Ө ө Ү ү

Дороги

Строительство и содержание городских дорог

Ош шаарынын материалдык инвентаризациялык эсептин негизинде 513,3 км жол эсептелинет.


Алардын ичинен:

  • - асфальтталганы  - 313,0 км
  • - шагыл төшөлгөнү - 200,3 км

 

Алардын ичинен магистралдык жолдор:

  • - жалпы шаардык деңгээлде - 49,67 км
  • - райондук деңгээлде  - 32,44 км

 

2009-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 29,5 млн. сом акча каражаты каралып: Т. Турсунбаева көчөсү салынган – 7,0 млн сом акча каражаты сарпталган. Масалиева көчөсү капиталдык ремонттон өткөрүлгөн – 2,4 млн. сом. Жол бетиндеги чуңкурларды асфальтоо иштерине – 10,8 млн. сом, жол белгилерин сызуу «Термопласт» менен – 1,7 млн. сом.

 

 

2010-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,2 млн. сом акча каражаты өндүрүлгөн: Заднепровский көчөсү - 4,2 млн. сом, жол бетиндеги чуңкурларды оңдоо иштери – 8,6 млн. сом. Кичи райондордун жана жаңы курулуштардын жолдорун шагылдоо боюнча – 2,0 млн. сом. Кичи райондордун жана жаңы курулуштардын жолдорун тегиздеттүү - 1,0 млн. сом. Ак-Тилек кичи районунун № 3 көчөсүнүн асфальттоо – 3,0 млн. сом. 2 светофордук обьектисин курууга – 0,6 млн .сом.

 

 

 

2011-жылы Ош шаардык мэриясынын сунушу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 67,3 млн. сом акча каражаты каралган.

Ушул жылдын 8 ай ичинде 32,1 млн. сом акча каражаты өндүрүлүп төмөнкү иштер аткарылды:

Жапалак айылдык округунун Орке айылындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн жолун асфальттоо – 9,5 млн. сом.

Жапалак айылдык округунун Тээке айылындагы Мырзаев мектебине баруучу жол– 5,1 млн. сом. Достук кичи районунун № 45 көчөсүн капиталдык ремонтто – 3,0 млн. сом. Кичи райондордун жолдорун тегиздеттирүү жана шагыл төшөө – 5,2 млн. сом. Азыркы учурда Мамырова көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүрүп жатат – 10,2 млн. сом.

2011-жылы Ош шаарынын жолдорун ремонтоо боюнча Дүйнөлүк банктын эсебинен 4,5 миллион доллар каралып, тендер өткөрүлгөн. Тендерди Империя Груп фирмасы утуп алып ремонтоо иштерин жүргүзүп жатат. 2011-жылга биринчи траншга 2 миллион 250 миң сом акча каражаты каралган.

Азыркы учурда Д. Садырбаев, Молдонияз көчөлөрү толук асфальтталып ишке киргизилди.

 

 

 


 

Кайрылууну жазуу