x
Ң ң Ө ө Ү ү

Мэрия

Жарандардын кайрылууларын кароо


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.

 

2009-жылы келип түшкөн каттардын саны – 435, анын ичинен материалдык жардам берүү боюнча  - 91, ишке жайгаштыруу боюнча – 10, транспорт маселеси боюнча – 21, үй бөлүп берүү маселеси боюнча – 50, үй салууга жер бөлүп берүү маселеси боюнча – 50, ссуда маселеси боюнча – 8.

 

Андан тышкары, үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча – 2137 иш-кагазы катталган, ижарага шартында колдонуу үчүн, жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү  боюнча – 813 иш-кагазы катталган, аукцион маселеси боюнча – 21 кайрылуулар катталган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2010-жылы  500 кайрылуулар жана арыздар келип түшкөн, анын ичинен: материалдык жардам берүү боюнча – 133, ишке жайгаштыруу боюнча – 4,  чарба, транспорт жана коммуникация маселеси боюнча – 10, үй бөлүп берүү боюнча – 83, үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча – 23, ссуда боюнча – 9.

 

Андан тышкары, үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча – 504 иш-кагазы катталган, ижара шартында колдонуу үчүн, жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү  боюнча – 707 иш-кагазы катталган, үй бөлүп берүү маселеси боюнча  – 89 кайрылуулар катталган.

 

Айтып кетүүчү маселе, 2010-жылы элдин талабын өз убагында чечүү үчүн, үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча 3500 жарандан арыздар келип түшкөн.

 

2011-жылдын 8 айына карата  537 арыз жана карылуулар келип түшкөн, анын ичинде  материалдык жардам боюнча – 250 иш-кагазы катталган, чарба, транспорт жана коммуникация маселеси боюнча – 64, үй маселеси боюнча – 150, жер маселеси боюнча – 25, ссуда боюнча – 15 арыз катталган.

 

Андан тышкары, үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча 3012 иш кагазы келип түшкөн,  ижарага шартында колдонуу үчүн, жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү  боюнча – 471, үй бөлүп берүү маселеси боюнча – 171.

 

Ош коогалаңынан кийинки жагдайларга байланыштуу, элдин оор шарттарын эске алуу менен Ош шаарынын мэри,  вице-мэрлер жана бөлүм башчылар менен биргеликте шардын тургундарын  күн сайын эртеңменен саат 8-00дөн баштап кабыл алып, каралаган маселелер шаардын жетекчилери менен биргеликте  чечилип турат.

 

Ош шаарынын мэри - 350 жаранды жеке кабыл алуусунда кабыл алды.