Новости по экономике
Ошто «Алтын күз - 2011» жарманкеси өтөт
Ош шаарынын күнүнө карата 5-октябрда Борбордук аянтта саат 9.00 дө «Алтын күз - 2011» жарманкеси өтөт. Аталган жарманкеге шаардагы азык-түлүк, айыл чарба багытындагы өндүрүштүк мекемелер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын дыйкандары катышат.
Ошондой эле «Алтын күз - 2011» жарманкесине Ош областынын Ноокат, Араван, Карасуу, Өзгөн райондорунан да келген 15 айыл өкмөтү да келишет. Жарманкеде айыл чарба продуктулары базар баасынан төмөн болот. Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылат.
03.10.2011 /
Новости по экономике /
Пикирлердин саны 0
|
|




