Главная новость
«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматовдун партиянын III съездинде сүйлөгөн сөзү
(2013-жылдын 20-апрели, Бишкек шаары)
Кымбаттуу партиялаштарым!
Кадырлуу коноктор!
Оболу мага ишеним артып, «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын лидери кылып шайлаганыңар үчүн баарыңарга терең ыраазычылык билдирем. Бул ишеним мага коомдук милдет менен катар миңдеген партиялаштарымдын алдында опол тоодой жоопкерчилик жүктөп отурат. Кыргызстанды бүгүнкү оор саясый–экономикалык кризистен чогу алып чыгууну көздөп, бизге үмүт арткан жүз миңдеген мекендештеримдин алдындагы тарыхый жоопкерчиликти сезе билип, мен бүгүн сөезд кабыл алган озуйпалуу чечимге өз макулдугумду берип отурам.
Урматтуу делегаттар!
Партиябыздын сөезди мамлекетибиз кыйын кырдаалга келген учурда өтүп жатат. Өлкөдө абал татаал. Экономикалык кризис күндөн-күнгө тереңдөөдө. Тышкы карызыбыз жыл өткөн сайын өсүп, анын көлөмү 3,3 миллиард долларга жетти. Бул Ички Дүң Продуктынын 47% пайызын түзөт. Дүйнөлүк экономикада бул көрсөткүч 50% пайыздан ашканда өлкө дефолтко учурап, мамлекет банкрот болот. 2013-жылы мамлекеттик карызды жабууга 15,4 миллиард сом жумшалат. Мындай кырдаалда улуттук экономика тармагын реформалоо тууралуу сөз кылуунун да кажети жок. Демек, Кыргызстандын экономикасы бул темп менен кургуйга кулап отурса жакында мамлекетибизди жоготуп аларыбыз толук мүмкүн.
Скачать
Выступление М.Мырзакматова на съезде партии "Улуттар Биримдиги" на кыргызском языке
Выступление М.Мырзакматова на съезде партии "Улуттар Биримдиги" на русском языке
Новости
-
17.05.2013
В Оше обсуждали концепцию государственной миграционной политики
-
17.05.2013
Вице-мэр города Ош Дастан Ходжаев встретился с представителями УВКПЧ ООН
-
17.05.2013
В южной столице 17-18 мая пройдет конкурс среди сказителей эпоса Манаса
-
16.05.2013
В Оше отметили 103-летие выдающегося поэта Жоомарта Боконбаева








