Муниципалдык кызматтардын базалык реестри
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 18 Июнь 2018 16:57

Муниципалдык кызматтардын базалык реестри

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 5-февралы № 80

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ж.Исаков

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри

 

Муниципалдык

кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган

Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал-

дык мекемелер

Муници-палдык кызматты көрсөтүү-

нүн шарттары

(акы төлөнүүчү/

акысыз)

1

Калктуу конуштагы проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык жана айылдык сейилбактардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

2

Жашаган жеринен маалымкат берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

 

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

3

Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

4

Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

5

Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

6

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

7

Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

8

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

9

Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

10

Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

11

 Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

12

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

13

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

14

Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү

ЖӨБ жана этностор агенттиги

ЖӨБ аткаруучу органдары

Акысыз

Окулду 8738 жолу
Ушул категориядагы башка материалдар: « Муниципалдык кызматтардын стандарттары

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });