Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Воскресенье, 20 Август 2017 03:27

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, меймандар жана чет өлкөлүк туристтер катышты. 

Алгач түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүштү.

Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтоду. Аларды шаар мэри аксакалдар менен бирге кербен сарайдын кире беришинде тосуп алышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. -“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын , улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - деди А.Кадырбаев. 
Иш-чара андан ары сейил бакта уланып Оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, “Ош базарындагы” кол-өнөрчүлөрдүн кол-өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, конокторго шаарыбыздын жана жергиликтүү элдин тарыхы, салт-санаасы жана тамак-аш жасоо ыкмалары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” фольклордук тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек драма театры “ Жар- жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле, коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты жана “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду.

Айта кетсек, “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлдү.

Окулду 32215 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });