Версия для печати
Среда, 03 Март 2021 06:31

Ошто Мамлекеттик туу күнү белгиленип, мэр куттуктады

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары,мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы Кыргызстандыктарды куттуктап,бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.
“Улутубуздун жаңы тарых барактарын ачкан бул сыймыктуу жана символикалуу Мамлекеттик туу күнү 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин - айтылуу легендардуу парламенти тарабынан кабыл алынган.
Биздин сыймыгыбыз, ыйманыбыз, адебибиз, маданиятыбыз мамлекеттик туу менен тыгыз байланышат.
Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка ,ар намыстуулукка үндөп кетем. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде желбиресин! Спорт чеберлерибиз, маданият кызматкерлерибиз, дегеле бүтүндөй кыргыз жарандарыбыз башын бийик көтөрүп жеңиштерде желбиретишсин! Ылайым биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!”,- деди Т.Сарыбашов.
Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер шаардын борбордук аянтына КРнын Мамлекеттик туусун көтөрүштү.
Ошондой эле, шаардык ИИБнын жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду.
Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 29 жыл толду.
Окулду 1859 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо