Жыл башынан бери шаарда муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоор ишке ашты
Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов көп кабаттуу үйлөрдүн аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кош каржылоо программасынын алкагында ишке ашырылган долбоорлор менен жеринде таанышты.
Шаардык кичи райондорго болгон иш сапарынын алкагында мэр Кулатов, ХБК кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, үйлөрдүн фасаддарын жаңыртуу, ички канализация жана жылуулук менен жабдуу системаларын оңдоо, кире бериштерди, чатырларды, жолдорду асфальттоо боюнча ишке ашкан долбоорлорду көрдү.
Бул долбоорлордун бардыгы Ош шаардык мэриясынын биргелешип каржылоо программаларынын алкагында ишке ашырылууда. Башкача айтканда аткарылган иштерге 30-50% каражат мэрия тарабынан бөлүнөт, калганын тургундар чогултат.
Ошондой эле, мэр көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугуп, маселелерин, сунуш пикирлерин укту.
Алмаз Мамбетов тургундар менен болгон жолугушууда муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн калк менен тыгыз иш алып барууну айтып, калктын колдоосу менен кичи райондордун инфраструктурасын активдүү өнүктүрүүгө умтулушу керектигин белгиледи.
Мындан сырткары Алмаз Мамбетов, шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн кийинки жылы долбоорлорду кош каржылоонун көлөмүн 50%га чейин жогорулатуу карала тургандыгын билдирди.
Ушул жылы Ош шаарында жалпы 13,8 миллион сомго муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоорлор ишке ашырылды.
Бул долбоорлордун алкагында тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн көрүнүшүн жаңыртуу, канализация системасын реконструкциялоо, жылуулук менен камсыздоо, ички жолдорду газдаштыруу жана асфальттоо боюнча иштерди жүргүзүштү.
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНЫН BRAND-BOOKгун ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Баарыныздарды аталган конкурска катышууга чакырабыз!
Сынактын шарттары:
1. Сынакка Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери болбогон юридикалык жана жеке жактар катышууга укуктуу.
2. Жашы чектелбейт.
3. Даяр болгон иштерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-ноябрь күнү, саат:18-00гө чейин.
4. Визуалдаштыруу конкурсуна катышуу үчүн жиберилген иштер JPEG форматында болушу керек.
5. Oш брендин визуалдаштыруу боюнча сунуштар чексиз болушу мүмкүн. Сынактын бир нече катышуучулары бир эле эскиздерди жөнөткөн учурда, жеңүүчү төмөндөгү электрондук дарекке келип түшкөн күнү жана убактысы боюнча аныкталат.
6. Техникалык тапшырманы алуу үчүн сиз толук аты-жөнүңүздү, байланыш телефондорун жана "Техникалык тапшырма" деген жазууну камтыган суроо-талапты e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. жөнөтүшүңүз керек.
7. Иштелип чыккан дизайн эскиздери толук аты-жөнү жана "Ош шаарынын бренди" белгиси менен e-mailге жөнөтүлүшү керек: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
8. Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
9. Жеңүүчүлөрдүн иштери, алар менен автордук келишим түзүлгөндөн кийин, Ош шаарынын мэриясынын менчиги болуп калат.
10. Жеңүүчүлөр өз иштерин Комиссиянын талабы боюнча төмөнкү форматтарда тапшырышы керек: Corel Draw, JPEG, PDF.
11. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушат: 1 -орун - 100 000 сом. 2 -орун - 50 000 сом
12. Конкурстун катышуучуларынан дизайн эскиздерин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1-ноябры, саат 18-00гө чейин.
13. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2021 -жылдын 5 -ноябрына чейин жүргүзүлөт.
14. Конкурстун шарттарына байланыштуу бардык суроолор боюнча, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине кайрылыңыз
Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн "Ош - Silk Road Provider" деп аталган сынак жарыялайт!
Жаңы дайындоо!
«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Осмонов Жалил Акылбаевич дайындалды. Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн "Ош - Silk Road Provider" деп аталган сынак жарыялайт
Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн "Ош - Silk Road Provider" деп аталган сынак жарыялайт! Баарыныздарды аталган конкурска катышууга чакырабыз!
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26