Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 19 Январь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 19 Январь 2022

Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты. Жыл ичиндеги аткарылган жумуштар атайын даярдалган слайд аркылуу көрсөтүлдү. Мекеме жетекчиси Жалил Осмонов жыл сайын шаардын жашыл аянтын көбөйтүү менен шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аракет көрүлүп жатканын айтты.

Ишкана шаар боюнча жалпы 64 обьектти тейлеп, 327 жумушчу эмгектенип келет.
Борбордук күнөсканалар тарабынан жылына 1,5 млн. гүл өстүрүлүп, шаардагы көптөгөн жайларга эгилген. Мындан сырткары күнөсканадагы гүл көчөттөр сатылып, атайын эсепке 98 миң 285 сом акча каражаты түшкөн. Кара-Кысмак жана Тээке питомниктеринде 2021-жылы шаарга 71 миң 131 даана (859 миң 300 сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр жана бадалдар отургузулду. Муниципалдык аймактык башкармалыктарга 3738 даана (1 млн. 134 миң сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр акысыз берилген. Жыл ичинде питомниктерден атайын эсепке 424 миң 56 сом акча түшкөн.
Мекеменин Курулуш бригадасы шаар боюнча 86 метр узундукта суу түтүктөрүн оңдоп, суу чыкпаган 7,16 гектар жерге суу жеткирген. Жол ортосунда 10дон ашуун темир люктарды оңдоп, ирригациялык арыктарга 48 даана суу тосмолорун коюшкан. Ошондой эле 690 метр узундукта бетон бордюрларды куюп, 670 даана гүл вазондору сырдалган.
Ирригация бригадасы шаар боюнча 140 км узундуктагы арыктарды ылайдан тазалап, 39 миң 362 куб таштанды чыгарган.
10 миңден ашуун ийне жалбырактуу дарактар 3 жолудан ар кандай формага келтирилип, 250 миңдей бадалдар жылына 9-10 жолудан кыркылып турган.
2021-жылы ишкананын Формовка бригадасына 52 кат келип, мэриянын сунушу менен социалдык колдоого муктаж жарандарга 113 куб (107 миң 350 сомдук) отундар акысыз берилген.
Г.Айтиев жана Өскөналиев көчөлөрүнүн кесилишиинде 120 квадрат метр аянтта гүлзар жасалган. У.Салиева көчөсүнүн № 40Б көп кабаттуу үйүнүн алдында 1000 метр квадрат жер көрктөндүрүлдү. Э.Алиев көчөсүн көрктөндүрүүдө келишимдик негизде 350 даана (217 миң сомдук) можжевельник көчөттөрүн отургузуу иштери жүргөн.
Ишкананын Ландшафттык бригадасынын эмгеги менен Улуу Жибек жолу скверине жана Ата-Түрк сейил багына атайын селкинчектер коюлуп, Алымбек Датка этноргафиялык эс алуу жайына бугу инсталляциясы коюлган.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев 2022-жылда ишканага жаңы атайын техникаларды алуу боюнча аракеттер жүрө турганын билдирди. Ал эми эмгек жамаат Ош шаарынын көркүнө жооптуу экенин белгилеп, көрсөткүчтөр дагы да жогорулашы керектигин кошумчалады.
Соңунда өз ишин аткарууда артыкчылык көрсөткөн кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн маселесин укту.

Шаардын карамагындагы Жапалак айыл аймагында көйгөйлөр көп. Элдин басымдуусу дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет. Жергиликтүүлөр айыл чарба техникалары, шаймандарды камсыздоодогу проблемаларды айтышты. Аны менен катар өндүрүлгөн продукцияларды, сүт азыктарын сатуу үчүн Жапалактын өзүнө базар ачып берүү демилгесин көтөрүштү. Мындан сырткары суу, газ, жол, тротуар, мектеп, бала бакча, ФАП, маршруттук каттамдар, аялдама, жолбун иттердин көбөйгөнү, полигон, түнкү жарыктандыруу маселелерин мэрге айтышты.
Бул аймакта документи жок үйлөргө өткөн жылдын аягында Президенттин тапшырмасы менен техникалык паспорттор берилип баштаган. Ошондой эле февралдан тарта Жапалак айыл аймагын Ош-Тазалык ишканасы да тейлеп, таштандыларын алып кете турган болуп чечилди. Чогулгандар маселелер менен катар аткарылып жаткан иштерди да тизмектешти.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жашоочулардын кайрылууларын уккан соң, айрым жагдайлар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ага улай 2022-жылга пландалып жаткан жумуштарга токтолуп, бюджетти бекитүүдө эске алына турганын белгиледи.
"Мен Ош шаарынын бардык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугуп жатам. Көтөрүлгөн маселелердин 80%ы окшош. Көйгөйлөрдү чечүүгө болушунча аракет кылабыз. Бирок бюджеттин жетишине да байланыштуу. Мен мурунку жылдардан айырмаланып, бул жылы тротуарларды курууга жана оңдоого басым жасайын деп турам. Буга 50 млн. сом бөлгөнү турабыз. Сиздер көтөргөн аялдама, маршруттук каттам маселелерин чечебиз. Быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору да көбөйөт. Ушул аркылуу да бир топ маселелерди чечүүгө болот. Айыл чарба жаатында айтылгандар да жөндүү. Мен бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, сиздерге жардам берүүгө даярмын. Базар ачып берүү боюнча жакшы демилге көтөрүлдү. Биз да ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле Жапалакка бир бала бакча куруп бергени аракет кылалы. Дагы калган көйгөйлөрдү да кенен карап чыгып, мүмкүнчүлүккө жараша четинен чечүүнү пландайбыз", - деди мэр.
Жолугушууда өткөн жылда Жапалак айыл аймагында аткарылган иштердин отчету да берилди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов “Шейх Абдулла Нури аль-Хайрия” уюмунун долбоорлоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдуллатиф Даввас жана “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мохамед Али Абделькарим менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Вице-мэр өз сөзүндө шаардын социалдык абалын жакшыртууда кайрымдуулук уюмдарынын иши чоң мааниге ээ экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Абдуллатиф Даввас Кыргызстанга болгон 5 күндүк сапарында бир катар социалдык объекттердин курулушуна жана ачылуу аземине катыша турганын билдирди. Ошондой эле “Шейх Абдулла Нури аль-Хайрия” уюму кайрымдуулук иштерине, анын ичинде билим берүү мекемелеринин, мектептердин, медициналык борборлордун жана мечиттердин курулуш долбоорлоруна өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана күчөтүүгө макулдашты.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });