Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 03 Март 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 03 Март 2022

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.
Иш-чарада Мамлекеттик туунун маанилүүлүгү даңазаланып, андан соң Аскердик парад болду.
Мэр куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири экендигин жана Ош шаарында ар дайым жогорку деңгээлде белгиленип келгенин айтты. Калаа башчы жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөдү.
КРнын Мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.
Эске салсак, Ош шаарындагы башкы желек жана желек сабы 2009-жылы орнотулган. Желек сабынын узундугу 45 метрди түзсө, туунун туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Кадырлуу коноктор жана мекендештер!

Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Тууну эзелтен элибизде асаба деп атап, мамлекеттүүлүктүн бирден-бир символу катары ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап, аздектеп урунуп, бекем тутунуп, муундан муунга өткөрүп келишкен.
Ушул убакыт аралыгында өз асабабызды бийик көтөрүп, дүйнө элдеринин катарында өсүп-өнүгүү жолундабыз. Бул мезгил аралыгында биздин туубуз өз алдына бүтүндөй кыргыз жарандарын бириктирип олтурат.
Канчалаган замандаш элдер бүгүнкү күндө да эгемен эл катары өз туусуна ээ боло албай келүүсү ачуу чындык. Демек, желбиреген туу канчалык баалуу, канчалык бийик экенин дайыма эстен чыгарбасак.
Улутубуздун жаңы тарых барактарын ачкан бул сыймыктуу Мамлекеттик Туу күнү 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин - айтылуу легендардуу парламенти тарабынан кабыл алынган. Мамлекеттик туубуз Ош облусуна 1992-жылдын 5-мартында чогулган элдин алдында Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратына чоң кубаныч жана сүйүнүч менен илинген. Бул күндү Кыргызстандын ар бир жараны зор сыймыктануу менен кабыл алышкан.
Бул тарыхый күндөн бери 30 жыл өтүп, эгемендүү өлкөбүздүн максаттары аныкталып, келечекке карай чоң үмүттөр менен кадамдадык. Ыйык туубуздун алдында "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", ынтымакта күчтүү мамлекеттин пайдубалын куруу ар бирибиздин ыйык атуулдук милдетибиз экенин унутпашыбыз керек.
Ылайым биздин туубуз түбөлүк желбиреп турсун! Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды өз алдына бириктирип “ынтымактуу элден – ырыс кетпейт" - деп айтылгандай биздин туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде көтөрүлсүн! Спорт чеберлерибиз, маданият кызматкерлерибиз, дегеле бүтүндөй жарандарыбыз башын бийик көтөрүп жеңиштерде желбиретишсин!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын, Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ шаардагы маршруттук каттамдардын иштөө интервалдарына, алардын техникалык абалына көзөмөл жүргүздү.

Белгилей кетсек, учурда коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү саат 21:00гө чейин тейлейт.
Жүргүнчүлөр шаардагы кичи автобустардын ишин көзөмөлдөй баштагандан бери кечкисин каттаган маршруттук каттамдардын саны бир топ көбөйгөнүн билдиришүүдө.
Курманжан-Датка, Г.Айтиев, Масалиев көчөлөрүндө маршруттук таксилердин ишин текшерүүнүн жүрүшүндө №107 маршруттук линияда бузуу фактысы аныкталды. Тартип бузган тарапка тиешелүү чара көрүлөт.
Мындан ары рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэриясында 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды көрүү жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн тиешелүү комиссиянын отуруму өттү. Анда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине бул багытта тапшырлар берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эл каттоого даярдык көрүүнүн алкагында шаардын административдик-аймактык чек аралары такталып, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы имарат, байланыш каражаттары, керектүү жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан калктуу конуштардагы көчөлөрдүн аты жазылган табличкалар жана номер белгилери менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү. 2021-жылы 9448 даана көчөлөрдүн аты жазылган тактайча, 38942 даана үй номери жазылган тактайчалар жаңы даярдалып, шаар көчөлөрүнө илинген. Бул жылы да 831 даана тактайча, 3381 даана номер белгилерин орнотуу иштери улантылат.
Эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүгө 22 координатор, 113 инструктор-контролер, 1079 каттоочу тартылып, 14-19-март күндөрү каттоочулар үчүн окутуу уюштуруу пландалууда.
Жыйында эл каттоонун маанилүүлүгүн эске алып, бул маселе боюнча коюлган милдеттерди, тапшырмаларды өз убагында так аткарбаган кызматтарга тийиштүү чаралар көрүлө турганы белгиленди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });