Кадырлуу энелер, барктуу апалар, урматтуу эже-карындаштар!
Сиздерди жаз менен кошо кирип келген 8-март – Эл аралык аялдар күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктайм!
Аялзаты ажары менен ааламды суктанткан, дүйнөнү көркүнө чыгарып, үй-бүлөнүн мээрими болуп, турмушубузга табылгыс нур чачып, дүйнөнү гүл бакчага айлантып, сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн өзүнө камтып турат эмеспи. Жашоонун кооздугу да, баа жеткис байлыгы да сиздер.
Улутубуздун нарктуу насилдерин, салттуу үрп-адаттарыбызды муундан муунга сактап өткөрүү, келечектин нукура инсандарын тарбиялоо, дегеле бүтүндөй жашоонун маңызы сиздердин колуңуздарда деп билемин.
Урматтуу айымдар!
Кандай гана коом болбосун адамзаттын урпагын улаган, жашоонун туткасы болгон аялзаты – улутту улут, элди эл кылган эбегейсиз зор күчкө ээ десек жаңылышпайбыз.
Кылым карыткан элибизде “бейиш эненин таманында”, “аял үйдүн куту”, “кыздын кырк чачы улуу” – деп таамай айтылган накыл кептерибиз аркылуу асылзат айымдарыбыздын ыйыктыгын, баалуулугун, аруулугун даңазалап турат.
Каныкей энебизден уланып, өткөн доорлордун атактуу кыздары Кыз Сайкал, Курманжан Датка, Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова жана башка залкарларыбыздын учугун улай, бүгүнкү Кыргыз Республикасы тандап алган демократиялык өнүгүү жолунда мекенди коргоодо эр жигиттер менен кошо мекенибизди өнүктүрүүдө кайсы тармакта болбосун өздөрүнүнүн жаратман жана кайратман эмгектери менен эркектерден ашса ашып, кем калбаган аязлатына таазим кылабыз!
Ош шаарынын айымдары да өндүрүштө, саламаттыкты сактоодо, билим берүү тармагында, искусство менен маданиятта, спорт жана бизнесте, дегеле кайсы тармакта болбосун өзүңүздөрдүн бараандуу салымыңыздарды кошуп келесиздер.
Аялзатын эң биринчи мээримдүү эне, жашоонун жарыгы, үйдүн куту деп элестетебиз. Аялзатынын коомдогу ордун, балдарыбызга таалим-тарбия берүүдөгү эмгегин баалап, сиздерге өмүр бою кызмат кылууга милдеттүүбүз.
Мээримдүү энелер, ажарлуу айымдар, наздуу карындаштар!
Өмүр менен гүлбурактын, сулуулук менен аруулуктун, мээрим менен кайратмандыктын туу чокусу – сиздерсиздер!
Тилегеним – эч бир үйдүн куту өчпөсө, асыл апаларыбыздын башынан ак элечеги түшпөсө, жараткан сиздерди жамандыктан сактаса деп айткым келет. Ар бир күнүңүздөр күлкүгө, сүйүнүчкө, бакытка толсун!
Майрамыңыздар менен!