Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларга чакырабыз!
Шаарыбыздын 3017-жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын программасын сунуштайбыз.
4-октябрь
“Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу маданий-массалык иш-чаралар.
1. Мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлөргө арналган “Баарына бир дүйнө” кайрымдуулук-маданий акциясы. саат 10:00 -14:00 « Нур» кинотеатры (болж.УВД)
1) Адал жарманкеси. Ош драма театрында. Башт.саат 10:00
2.“Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш. саат 11:00-13:00 (“Светочь” мектебинин спорттук аянты)
3.Ош шаарынын орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу
саат 12:00–16:00 №52 орто мектеби (Ак Тилек)
4. “Исхак Раззаков” атындагы эс алуу багынын ачылышы
Башталышы: саат 17:00 (болжол: "Каныкей" рест)
5. Республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышы
Башт:саат 18:00 ОУДТ (кирүү акысыз)
5-октябрь.
Шаар күнүнүн алкыганда өтүүчү иш-чаралар
1.Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду тосуп алуу аземи саат: 08:30- 09:30 (Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы)
2. “Ош Агро- II” айыл-чарба Форумунун расмий ачылышы.
саат 09:00 (Мэриянын кичи жыйындар залы)
3.Ош шаарынын күнүнө карата салтанаттуу аземдин ачылышы.
саат 10:00-12:00 Борбордук аянт
4. “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү.
саат 12:00 -12:30 Салтанаттуу ачылыш (болжол "Өчпөс от")
5.“Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
саат 12:30 – 13:00 (Айыл чарба техникумунун аянты)
6. “Жибек Жолу” эс алуу багынын ачылышы
саат 14:30 – 16:00 (болжол "Дархан" чайканасы)
7.Ошондой эле майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт. Убактылары: саат 14:00-16-00
8.Ош шаарынын күнүнө арналган Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусундагы гала концерт. 19:00-22:00 (борбордук стадион)