Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулууда. Бүгүн, 1-апрелде ФАПтын курулушу менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. ФАП май айында пайдаланууга берилет.
ФАПтын айланасыда тосулуп, адамдар басуучу жолдору да оңдолууда.
“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. ФАПтын курулуш сапатына өзгөчө көңүл бургула. Анткени эл пайдаланат. Шаарда курулган кандай гана курулуш болбосун адамдар көп жыл пайдаланыш керек”,-деди мэр Т. Сарыбашов.
ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.