Версия для печати
Среда, 12 Август 2020 11:31

Ош шаарына “Нобель” фармацевттик компания жардам берди

Бүгүн, 12-август күнү “Нобель” фармацевттик компаниясынын түштүк региону боюнча менеджери Мээрим Тороева аталган компаниянын атынан медициналык жардам көрсөттү.

Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Жалпысынан 10 пульсоксиметр, 72 медициналык бет калкан жана дары дармектер Ош шаарынын мэриясына келип түштү.

Карантин учурунда Ош шаарынын мэриясына жугуштуу илдетти жайылтпоо жана алдын алуу иш аракеттринде кошкон салымдары үчүн мэрдин атынан Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты “Нобель” фармацевттик компания түштүк региону боюнча менеджери Мээрим Тороевага берилди.

Окулду 622 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо