Версия для печати
Четверг, 26 Ноябрь 2020 08:03

Ош шаарынын мэри бир канча маселелер боюнча тапшырмаларды берди

Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов вице-мэрлер жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен жыйын куруп, курулуш, кышка даярдык, экономика, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мэр шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

“Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылытууда маселе болбош керек. Элден түшкөн даттанууларга убагында реакция кылып, жардам бериңиздер. Кар жааган убакта жолдор толук тазалансын. Күз-кыш мезгилинде кар тазалоо, тазалык, жылуулук боюнча тынымсыз иштер жүрүшү шарт. Бир гана бул тармакта эмес, бардык тармакта иш кызуу жүрсүн”,-деди мэр.

Калаа башчысы ишкерлерди колдоо боюнча токтолуп, жакынкы күндөрү ишкерлер менен жолугушаарын билдирди.

“Шаарыбыздагы оңдоп-түзөө иштерине ишкерлердин салымы чоң. Шаардыктарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн ири завод жана фабрикалар курулууда. Шаарга да негизги салыкты ишкерлер төлөйт. Ошондуктан ишкерлерге эч кандай тоскоолдуктар болбош керек.

Албетте мыйзамдуу иш алып барса. Ар бир ишкер өзүнүн ишканасынын же дүкөнүнүн алдын оңдоп койсо да бул шаар үчүн жардам. Бул маселе боюнча жакында ишкерлер менен жолугушуп, жыйын өткөрөбүз”,-деп кошумчалады Таалайбек Сарыбашов.

Окулду 484 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо