Версия для печати
Четверг, 10 Декабрь 2020 19:44

Ош шаарында ИИМдин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны өтүп жатат

Бүгүн, 10-декабрда ИИМдин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кеңештин мүчөлөрү, эл аралык уюмдар, коомдук профилактикалык борборлор жана жарандык активисттер катышты.

Жоокерлердин энелери республикалык комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Уулкан Байгубатованын айтымында жыйындын максаты милициянын эл менен өз ара аракеттенүүсү жаатында тажрыйба алмашуу экендигин белгилеп өттү.
“Милициянын эл менен өз ара аракеттенүүсү жаатында натыйжаларын жалпылоо, тажрыйбаны өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарды, анын ичннде милиция жана коомчулук менен кызматташуу ыкмаларын жана механизмдерин тейлөө мүмкүнчүлүгүн берүү. Мындан тышкары, коопсуздукка байланыштуу жалпы көйгөйлөрдү жана корккунучтарды республикалык жана аймактык негизинде четтетүү үчүн жыйындарды өткөрүп жатабыз. Биз негизинен жыйында ар биринин көйгөйүн угуп, аны бийлик өкүлдөрүнө жеткирип, чечүү жолдорун биргеликте чечүүгө аракет көрөбүз. 5 жылдан бери көчмө жыйындар өтүп келет. Берген жыйынтыктары алгылыктуу болуп жатат десем жаңылышпайм”, - деп кошумчалады.
2015-жылы ички иштер органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын, идеяларынын негизинде көчмө жыйындарды өткөрүп туруу белгиленген Ошонун негизинде 2017-2019-жылдар аралыгында 9 көчмө жыйын өткөрүлгөн. Ал эми жарандык коомдун жана ички иштер органдарынын катышуусунда 2019-жылы 4 көчмө жыйын уюштурулду.
Окулду 405 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо