Версия для печати
Вторник, 20 Апрель 2021 18:44

Ош шаарында селсаяк өспүрүмдөргө жардам берүү багытында атайын рейд жүрүп жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура жана Сулайман-Тоо МБнүн ЖИИ,МУУ 52 кызматкерлери, андан сырткары Ош шаарынын социалдык өнүгүүбашкармалыгынын, экология жана техникалык коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жанабилим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин 6 өкүлүнүн катышуусунда “Селсаяк”рейддик иш-чарасын өттү. Рейддин жүрүшүндө аймактагы селсаяк өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон 151жайлар (устакана, соода түйүндөрү, базар, вокзалдар, унаа жана темир жолстанциялары, унаа жуучу жайлар, жаны курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр ж.б.)текшерилип, анын негизинде 77 өспүрүм аныкталып, 42 өспүрүм ата-энелеринетапшырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ош ОИИБнин ЖОАБна 32 өспүрүм жеткирилип, социалдык уюмдарга 3 өспүрүмтапшырылган.Алардын ичинен 24 өспүрүмгө байланыштуу материалдар топтолуп, Ош шаардык мэриясындагы балдар комиссиясынамаалыматтар жиберилген.Бул иш-аракеттер КР ИИМнин 2021-жылынын 8-апрелиндеги №157-т сандуу буйругунун негизинде Ош ШИИБытарабынан 17.04.2021-ж. чыккан 41-т сандуу буюрмасын эске алуу мененжүргүзүлдү.
Окулду 182 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо