Версия для печати
Пятница, 23 Апрель 2021 19:02

Ош шаарындагы абалы начар Алиев көчөсү асфальтталып, тротуар курулат.

Бүгүн, 23-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышып, жашоочулар менен жолугушту. Мэр Алиев көчөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталып, жаңы тротуар курулаарын билдирди. “Чынында Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Жыл сайын каражатка жараша иштер аткарылып жатат. Алиев көчөсүндө 1 чакырымдан ашуун жолду асфальттап, жолдун эки тарабына тротуар курабыз. Ирригациялык лотокторду да алмаштырып, түнкү жарыктандыруу системасын жакшыртабыз. Шаарда быйыл бир канча ички жолдорго жаңыдан асфальт басылат. Бүгүндөн баштап шаардагы негизги жолдору жамоо иштери да башталды”,-деди шаар башчысы. Курулуш иштери май айынан башталып, күзгө чейин пайдаланууга берилет.
Окулду 164 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо