Мэр А.Мамбетов: “Жыл аягына чейин шаарда курулуп жаткан 5 мектептин үчөөсүн бүтүрүүнү пландап жатабыз”
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 13 Сентябрь 2021 14:52

Мэр А.Мамбетов: “Жыл аягына чейин шаарда курулуп жаткан 5 мектептин үчөөсүн бүтүрүүнү пландап жатабыз”

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарында жылда өтүүчү билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова, шаарда жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер, балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов келечек муундарга билим берүүдө жана тарбиялоодо мугалимдин орду эбегейсиз экендигин билидирип, агартуучуларга ыраазычылык сөзүн айтты. Ошондой эле, мектепке чейинки билим алып жаткан балдар, окуучулар үчүн шарттар акырындап түзүлүп, учурда болуп жаткан кыйынчылыктар артта калат деп кошумчалады.
“Учурда шаарда республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуштардын көп жылдан бери кармалып, бүтпөй жаткандыгынын себеби акча каражаты болгон. Жылдын аягына чейин акча каражаттарын толук бөлдүрүп, 3 мектептин курулушун бүтүрөбүз деп пландап жатабыз. Негизги шаарларда мектептин жетишсиздиги күч. Биздин Ош шаарында да бул маселе орчундуу. Учурда курулушу жүрүп жаткан мектептерди бүтүрүп алсак, жеңилдиктер жаралат. Андан соң билим берүү мекемелерин көбөйтүү боюнча пландар бар”,- деди А.Мамбетов.
Жыйындын алкагында окуу жылы башталган соң, Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында мектепте жана балдар бакчаларында 15 мүнөттүк руханий-адеп-ахлак туурасында өзүнчө бир тарбиялык саат өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.
Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар.
Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.
2020-2021-окуу жылында 1-класстарга электрондук кезек менен кабыл алуу тартиби киргендигине байланыштуу, 8 947 окуучу кабыл алынган, ал эми жаёы 2021-2022-окуу жылында 1-класска 8000ге жакын окуучу кабыл алынды.
Ош шаарында 80 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, 13 257 тарбиялануучу кабыл алынган жана аларга 1186 педагог тарбиялайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 45 мамлекеттик бала бакчада 13 280 бала, 35 жеке менчик бакчада 2 300 бала бар.
Педагогикалык кеңешме “Сапаттуу тарбия берүү жана окутуу – өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн кепилдиги” деген аталышта өтүп, жаңы окуу жылына карата резалюция кабыл алынды. Негизги максат билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен бир катар мектеп мугалимдери жана балдар бакчаларынын тарбиячылары сыйланды.
Мындан тышкары алдыңкы мектептерге, балдар бакчаларына ноутбук жана принтер тапшырылды.
Окулду 732 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });